Перейти на новый сайт
MegaCom – жылдын Ишенимдүү өнөктөшү

 MegaCom – жылдын Ишенимдүү өнөктөшү

«Супер Инфо» гезити жыл мыктыларын аныктады. 8-декабрда Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн финалдык тандоодо, Кыргызстандын экономикасына кошкон барандуу салымы баса белгиленген MegaCom компаниясы «Жылдын ишенимдүү өнөктөшү» наамына ээ болду.

“Өз ишмердүүлүгүндө милдеттерин эл аралык стандартка ылайык аркалап, бизнести ачык жана таза жүргүзүү саясатын кубаттаганы, MegaCom компаниясы өзүнүн өнүгүү жолунда ишенимдүү кадам шилтеп жатканынан кабар берет. «Мээнетиң катуу болсо, татканың таттуу болот!» демекчи, түйшүктүү эмгектин аркасында бул сыйлыкка татыктуу болдук”,- деп сыйлыкты алуу аземинде MegaCom компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары Алтынбек Карамолдоев белгиледи.

Көп тираждуу «Супер Инфо» гезитинин окурмандары жана аталган гезиттин сайтын колдонуучулары тарабынан көрсөтүлгөн ишеним компанияны жогорку баага татыктуу кылып, анын сыйлыктарынын катарын толуктады.

«Супер» сөзү менен айкалыша колдонулган сөздөр мыктынын мыктысы дегенди билдирет. Бул сыймыктуу наам маданият жана искусство жаатынын ишмерлерине гана эмес, бизнес чөйрөсүнүн алдыңкы өкүлдөрүнө дагы ыйгарылып келет.

                                         

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Запрет коротких SMS номеров» и «Запрет коротких IVR номеров»

  • Услуга

    Услуга «Я звонил/Мне звонили»

  • Услуга

    Мобильное приложение «Mega24»

  • Услуга

    «Второе дыхание»