Перейти на новый сайт

Бишкекте бизнес-долбоорлордун алгачкы мелдеши аяктады

Бишкекте бизнес-долбоорлордун алгачкы мелдеши аяктады

Өткөн дем алыш күндөрү, “Aiperi Technology Meetup” жаштар борборунда “Дүйнөлүк ишкер жумасына” карата “Business Brain Busters” бизнес-долбоорлору боюнча Кыргызстандагы алгачкы чемпионаты өттү. Бул мелдешүүгө сексен команда катышып, алардан ону гана өз бизнес-кейстерин жактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча эң активдүү жана демилгелүү катышуучулары MegaCom компаниясынын атайын белектери менен сыйланды.

“Мындай иш чараларга активдүү колдоо көрсөтүп келгениңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз”, - деп, пилоттук долбоордун уюштурууларынын бири, Чубак Бойконов уюлдук операторго ыраазычылык билдирди.

Иш чарага катышкан жаштарды өлкөнүн ири уюлдук операторунда стаж топтоо жана мыкты профессионалдардан тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгү абдан кызыктырды. Компанияда стаж топтоо программасы тууралуу, MegaCom компаниясынын кызматкерлерди тандап алуу жана байырлаштыруу боюнча адиси Гулира Бейшембаева айтып берди. “Жаш адистерден түшкөн табыштамалар биринчилерден болуп каралат. Ал эми, стаж өтүү маалында эң мыкты көрсөткүчтөргө жеткен талапкерлер биздин компанияга адис катары ишке чакырылат”, - деп белгиледи Гулира Бейшембаева.

Жаштар демилгелерине колдоо көрсөтүү, MegaCom компаниясынын социалдык саясатынын негизги багытына шайкеш келет. Уюлдук оператор, буга чейин көптөгөн формалдуу эмес жолугушууларды жана BarCamp Kyrgyzstan, Startup Weekend сыяктуу иш чараларын жүзөгө ашырууга колдоо көрсөткөн.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «La-La Music»

  • Услуга

    Конференц-связь

  • Услуга

    «Ты где?»

  • Услуга

    Нумеролог