Перейти на новый сайт
“Mega Билим” аркылуу 80 мектепте информатика класстары ачылды

 “Mega Билим” аркылуу 80 мектепте информатика класстары ачылды

«Mega Билим» билим берүү долбоору ишин улантууда. Кечээ жакында жети компьютерден жана атайын эмеректерден турган жабдуулар менен Жалал-Абад областынын Ыбыш Алымбеков атындагы №21, Бөкөнбаев атындагы №2 , Курама уулу Турусбек атындагы №12 , Суусамыр айылынын К.Конушбаев атындагы орто мектептери жана Чүй областынын Сокулук районунун Атбашы мектеп-гимназиясы, Аалы Токомбаев атындагы Кайыңды, Токтоболот Абдымомунов атындагы Жаңы-Алыш, Октябрь жана Кара– Балта шаарынын №11 орто мектептери камсыз болушкан.

«Ин¬форматика» сабагы мектеп программасынын маанилүү бөлүгү экендиги талашсыз. Бирок теорияны тажрыйба менен айкалыштыра билүү бүгүнкү күндүн талабы. Маалымат технологияларынын заманында, келечек муундун заманбап тенденциялар менен жакындан тааныш болуусу үчүн MegaCom компаниясы өзүнүн салымын кошуп келет. Компьютерлер жана эмеректер менен бирге мектептерге тартууланып жаткан MegaCom USB-модемин жана SIM – картасын колдонуп сабак өтүү, информатика сабагын мыкты өздөштүрүүнүн бирден-бир шарттарынан болуп саналат.

MegaCom – жаңы мүмкүнчүлүктөр убактысы.

Сунушталган кызматтар

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • Мегажөнөтмө

    кызматы

  • «Номер алмашуу»

    кызматы