Перейти на новый сайт

MegaCom – Кыргызстандагы №1 уюлдук оператор

MegaCom – Кыргызстандагы №1 уюлдук оператор

MegaCom жылдын мыкты уюлдук компаниясы наамына экинчи жыл катары менен ээ болууда. Жыл сайын өткөрүлүп келген «Жыл тандоосу» фестивалы, MegaCom кыргызстандыктардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон компания экенин тастыктады. Кыргызстандагы номур биринчи байланыш компаниясы үч номинацияда жеңүүчү деп табылды:

  • №1 - Уюлдук оператор,
  • №1 - Ыңгайлуу тарифтик план,
  • №1 - 3G интернет-модем.

Байланыштын сапатына катуу талап койгон MegaCom компаниясынын абоненттери, компания тартуулаган кызматтарга жогору баасын бергендиктен, экинчи жолу жылдын мыкты уюлдук оператору деп таанылып, компаниянын куржуну дагы үч алтын медал менен толукталды.

“Биз туура жолду тандаганыбыз бүгүн дагы бир жолу далилденди! Албетте, кыргызстандыктардын көпчүлүгү MegaCom компаниясын тандаганы кубандырбай койбойт. Бул жеңиш менен өз абоненттерибизди куттуктап, аларга сапаттуу жана ыңгайлуу байланыш кызматтарын көрсөтүүнү уланта бермекчибиз”, – деп MegaCom компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов белгиледи.

“Жыл мыктысы -2012” фестивалы, 30-ноябрь күнү, Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын чоң залында өтүп, өлкөдөгү мыктылардын мыктысы аныкталып, алардын аты аталды. Анда жергиликтүү өндүрүш, тейлөө, мыкты товар жана алдыңкы адистердин аты белгилүү болду. Эл аралык макамга ээ болгон фестиваль, 12 жылдан бери, жети мамлекетте жыл мыктыларын аныктап келет.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    "Где телефон?"

  • Услуга

    «Международный доступ»

  • Услуга

    «Перезвони мне»

  • Услуга

    «Настроение»

    icon