Перейти на новый сайт

Жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт

Жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында, жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи өтөт. Аталган турнир КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, эл аралык категориядагы калыс, Виталий Филипповскийдин 70 жылдыгына карата өткөрүлөт. Кожомкул атындагы Спорт Сарайында, салмак категориясынын сегиз түрү боюнча өтө турган күч сынашууга, дүйнөнүн он өлкөсүнөн үч жүздөн ашуун күчтүү балбандар катышат.

Күрөш байыртадан эле кыргыз элинин сүйүктүү оюну жана өлкөбүздөгү спорттун маанилүү бир багыты. Ал эми, Кыргызстандын мындай масштабдуу мелдештерди өткөрүүсү биздин спортчуларыбыздын гана эмес, алардын машыктыруучуларынын дагы профессионалдык деңгээлинин көрсөткүчү экени шексиз. Спортчуларыбыз чеберчилик деңгээлин мындан ары жогорулатып, маанилүү мелдештерде жеңишке жетишүүсү үчүн колдоо көрсөтүү зарыл”, - деп белгиледи башкы директордун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов.

Спорт тармагын колдоо жана жаштар менен иш алып баруу- өлкөнүн уюлдук операторунун социалдык саясатынын беделдүү бөлүгү. Компания спортчуларыбызга демөөрчүлүк көрсөтүп келүүдө. Үстүбүздөгү жылы MegaCom компаниясы Лондондо болуп өткөн ХХХ Олимпиадада, күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасын атайын спорттук кийим-кече жана дары-дармектер менен камсыз кылуу үчүн 15 000 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берген. Республикабыздын грек-рим жана эркин күрөш боюнча Федерациясынын өкүлдөрү Гуанчжоудагы Азия оюндарына (КЭР), Ташкентте өткөрүлгөн Азия Чемпионатына, Стамбулдагы рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатына, Варшавадагы Эл аралык турнирине, Бухаресттеги өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатына MegaComдун колдоосу менен катыша алышты.

MegaCom спорт, сергек жашоо жана келечектеги чемпиондор үчүн!
 

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы