Перейти на новый сайт

Чексиз Интернет – дүйнө желесиндеги чексиз мүмкүнчүлүктөр

Чексиз Интернет – дүйнө желесиндеги чексиз мүмкүнчүлүктөр

Бүгүн, 21 – ноябрда, MegaCom компаниясы «Чексиз Интернет» тарифтик опциясын ишке киргизди. Бул саамалык интернеттин активдүү колдонуучуларына жагымдуу жаңылык болоору шексиз.

“Чексиз Интернет” аркылуу MegaCom абоненттери суткасына 19,5 сомго 3G жана GPRS интернет-трафиктери менен чектөөсүз колдоно алышат.

«Кызматты киргизүүдө интернетти көңүл ачуу үчүн гана эмес, бизнес жүргүзүү максатында да колдонгон абоненттердин сунуш-пикирлери, каалоолору эске алынды. Бүгүнкү күндүн талабына ылайык, чектөөсүз интернетти колдонуучулардын саны күн санап өсүүдө», - дейт маркетинг департаментинин жетекчиси Мирлан Карабукаев.

“Чексиз Интернет” тарифтик опциясына кошулуу, бардык салыктарды кошуп эсептегенде болгону 15 сомду түзөт жана *191*1# кыска буйруусунун жардамы менен аткарылат. Кошулуу маалында сиздин балансыңызда 34,5 сомдон кем эмес каражат болушу зарыл. Пайдаланып жаткан трафиктин көлөмүнө жараша ылдамдык чектелет.

“Чексиз Интернет” тарифтик опциясын кошуу жана башкаруу тууралуу толук маалыматты компаниянын расмий сайтынан жана *5002 кыска номуру аркылуу алууга болот. Чектелбеген интернеттен пайдаланып, социалдык тармактардагы компаниянын баракчаларында конкурстун катышуучусу болуңуз.

Сунушталган кызматтар

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы