Перейти на новый сайт

“INSIDE” аркылуу акысыз кызматтарга ээ болуңуз

“INSIDE” аркылуу акысыз кызматтарга ээ болуңуз

MegaCom компаниясы корпоративдик абоненттери үчүн, “INSIDE” түркүмүндө кошумча кызмат топтомдорун активдештирүү мүмкүнчүлүгү пайда болгонун маалымдайт.

Эми, компаниянын кардарлары, ар айлык абоненттик төлөмдүн негизинде тармак ичинде акысыз баарлашуу мүнөттөр топтомуна гана эмес, акысыз MMS, SMS жана интернет тармагында Мб топтомдоруна ээ боло алышат. Абоненттерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, корпоративдик топтун жетекчисине кайрылып отурбастан, USSD-буйруусу же кыска номерге SMS-билдирүү жөнөтүү аркылуу топтомду активдештирүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Акысыз баарлашуу мүнөттөрүнүн, MMS, SMS, Мб-дын көлөмү кошулган топтомдун аталышына ылайык келет. Маселен “INSIDE SMS 300дө” 300 SMS каралса, “INSIDE SMS 600дө” акысыз 600 SMS каралган. Ар бир кошулган топтомдун абоненттик төлөмү алдын ала жана ай башында алынып турат. Топтомдордун бир гана түрүн кошууга болот, ошондой эле ар башка кызматтардын топтомун бир убакытта кошуу да мүмкүн. Кызматтардын башка көлөмдөгү окшош топтомун кошууда, колдонуудагы топтомду өчүрүү кажет. Топтом айдын ортосу же соңунда активдештирилсе, абоненттик төлөм кайра эсептелбестен толук көлөмдө алынат. “INSIDE” түркүмүнүн жагымдуу мүмкүнчүлүктөрү туурасында толук маалымат алуу үчүн бул жерди басыңыз.

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • Роумингдеги абоненттер үчүн маалымат

    кызматы

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы