Перейти на новый сайт
Бишкекте “Хан Манас” кубогуна арналган дзюдо боюнча республикалык турнир өтөт

Бишкекте “Хан Манас” кубогуна арналган дзюдо боюнча республикалык турнир өтөт

30, 31-октябрда борбор калаада “Хан Манас” кубогуна арналган дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы ачык республикалык турнир өтөт. Кубок MegaCom компаниясынын колдоосу менен “Кыргыз Эл” коомдук бирикмеси жана КРдин дзюдо федерациясы тарабынан уюшулган.

Салтанаттуу ачылыш аземи бүгүн, 30-октябрда, Кожомкул атындагы спорт сарайында болуп өттү. Аталган мелдеш эки күн уланат жана ага Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Россиянын жана Түркиянын алты жүзгө жакын жаш спортчулары катышат.

“MegaCom өлкөдөгү спорт тармагын өнүктүрүүгө өзүнүн барандуу салымын кошуп, жаштар арасындагы сергек жашоону жайылтуу максатында республикадагы спорттук иш чараларга ар дайым колдоо көрсөтүп келет. Уюлдук оператордун колдоосу менен кикбоксинг, шахмат жана күрөш спорттору боюнча масштабдуу мелдешүүлөр өтүп жатат”, - деп белгиледи, MegaCom компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов.

Ал эми колодон жасалган “Хан Манас” кубогунун башкы байгеси, жалпы жыйынтыгы боюнча эң көп медал алган өлкөнүн тайпасына тапшырылат.

Сунушталган кызматтар

  • «MIX үн порталы»

    кызматы

  • «Mega USSD»

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы