Перейти на новый сайт
MegaCom «Сөз чебери» жаңы тарифтик планын тартуулайт

MegaCom «Сөз чебери» жаңы тарифтик планын тартуулайт

Жаңы тарифтин өзгөчөлүгү түйүн ичиндеги баарлашуулардын 3-мүнөтүнөн тарта, Кыргызстандын баардык операторлорунун номерлерине жөнөтүлгөн SMSтердин, 512 килобайтынын интернет-трафиги болгону 0,7 сомдон тарифтелгендигинде. Ал эми секундалык тарифтөө баарлашууга сарпталган убакытты так эсептөөгө кепилдик берет.

“Сөз Чебери” тарифтик планына кошулгандар үчүн бонус иретинде түйүн ичиндеги акысыз 15 мүнөт же акысыз 50 SMS жана дагы интернет-трафиктин акысыз 25 мегабайты тартууланмакчы. Сиз бонустарды жаңы тарифке кошулуудан кийин соңку беш күндүн ичинде активдештирип пайдалана аласыз. Бонустар *028# кыска буйруусу аркылуу активдештирилип, 2013-жылдын 28-февралына чейин берилет.

“Сөз Чебери” тарифтик планына өтүү үчүн *303*28*1# кыска буйруусун териңиз. Кошулуу наркы 40 сомду түзөт. Тармак ичиндеги баарлашуунун биринчи мүнөтү 1,1 сом, башка операторлордун номерлерине чалуулардын наркы 3,1 сом /мүн., үчүнчү мүнөттөн баштап 1,4 сом (КНС менен) түзөт.

“Сөз Чебери” тарифтик планында “Сүйүктүү номер” кызматы жеткиликтүү эмес жана тарифке өтүүдө өчүрүлөт. Тарифтик план абоненттик төлөмү жок жана баалар бардык салыктарды эсепке алуу менен көрсөтүлөт. “Сөз Чебери” тарифтик планынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Сиз компаниянын www.megacom.kg расмий сайтынан ала аласыз.

Сунушталган кызматтар

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы