MegaCom роуминги Ливан өлкөсүндө.
MegaCom уюлдук оператору роуминг боюнча өнөктөштүк мамилесин өнүктүрүүдө. Ливан өлкөсүнүн MIC 2 SAL уюлдук байланыш операторунун тармагында роумингди киргизди.
MegaCom өз абоненттеринин дүйнө жүзүнө жасаган саякаты, иш сапарларынын ийгиликтүү өтүшү үчүн ыңгайлуу шарт түзүп келүүдө. Абоненттерге бизнес-өнөктөштөрү жана жакындары менен болгон үзгүлтүксүз байланыш камсыздалат. «Роуминг» жана «GPRS – роуминг» кызматтарын кошуу үчүн компаниянын абоненттерди тейлөө борборуна кайрылып кызматты кошуу боюнча арыз тариздөө керек.
Толук маалыматты MegaComдун Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунан жана *500 же 0555 500000 номерлери боюнча Кардарларды колдоо кызматынын адистеринен жана MegaCom компаниясынын megacom.kg/kyr/roaming/ расмий сайтынан аласыз.
MegaCom аркылуу жакындарыңыз менен дайыма байланышта болуңуз.