Перейти на новый сайт

MegaComдун колдоосу менен Чоң Чүй каналында көпүрө курулду

MegaComдун колдоосу менен Чоң Чүй каналында көпүрө курулду

Компаниянын социалдык жоопкерчилигинин алкагында ишке ашырылган Чоң Чүй каналынын Кулиев көчөсүн кесип өткөн бөлүгүндөгү узундугу 27 метр болгон көпүрөнүн курулушу аяктады. Көпүрөнүн ачылыш аземине жергиликтүү тургундар жана борбор калаанын мэри Иса Өмүркулов катышты. Көпүрөнүн курулушуна «Көлмө» жана «Алтын-Бешик» конуштарынын тургундарынын кайрылуу каты негиз болду. Көпүрө калктуу конуштардын тургундары үчүн шаарга жана ага жакын жайгашкан башка аймактарга тоскоолсуз жана эң башкысы коопсуз өтүүнү шарттайт.

MegaCom компаниясы көпүрөнү курууга сарпталуучу каражаттарды эсептеп, аймакты изилдегенден кийин, курулуш долбоорун колдоого алып, 500 миң сом бөлүп берген. №19 жана 41– мектептеринин миңден ашуун окуучулары күнүгө унаалар тынбаган Жаш Гвардия проспектиси же көптөгөн кырсыктарга себеп болгон газ түтүктөрү аркылуу өтүүгө аргасыз болушчу.

«MegaCom компаниясы аталган райондун тургундарынын жашоо шартын жакшыртууга салым кошуу менен эле чектелбейт, «Көлмө» конушунун мектептеринин бирин «Mega Билим» долбоорунун негизинде компьютерлер менен камсыздоо маселеси компаниянын көңүл борборунда. Бул болсо, аталган долбоорго катышуу үчүн билдирме жөнөткөн мектептин окуучулары үчүн заманбап технологиялар менен жабдылган жаңы компьютердик класста информатика сабагын үйрөнүүсүнүн кеңири мүмкүнчүлүгү”-деп белгилей кетти өз сөзүндө компаниянын Башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов.

Уюлдук операторлордун арасында лидер жана өлкөбүздүн ири салык төлөөчүсү болуу менен, MegaCom компаниясы Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошууну өз милдети деп эсептейт. Маселен, корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында «Mega Билим» жана «Mega футбол» аттуу ири билим берүү долбоорлорун ишке ашырып, Улуу Ата Мекендик согуштун 1000 ардагерине жана өлкөнүн жети дубаны боюнча компаниянын камкордугуна алынган балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына колдоо көрсөтүп келет. Компания тарабынан шаарлардын жана аймактардын инфраструктурасын колдоо программасы иштелип чыгып, иш жүзүнө ашырылууда.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы

  • SmartBook

    кызматы

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы