Перейти на новый сайт
Кыргызстандык математиктер Израилден байге менен кайтышты

 
Кыргызстандык математиктер Израилден байге менен кайтышты

Кыргыз-Россия Славян университетинин студенттери Александр Литвак менен Медет Амракулов, 2012-жылы, Израилдин Ариэль шаарындагы университеттин илимий борборунда өткөрүлгөн Эл аралык студенттик ачык интернет олимпиаданын супер финалына катышууга жолдомо алышкан. Бул акыл таймашынын жыйынтыгы боюнча Александр коло медалга ээ болуп үчүнчү орун алса, Медет – аталган олимпиаданын тастыктамасына ээ болду.

Мындай олимпиадаларга дүйнө жүзүнүн 25тен ашуун мамлекетинен студенттер катыша алышат. Батышта –АКШдан Бразилияга чейин, чыгыш өлкөлөрүндө Кытай менен Вьетнамга чейин, түндүктө Россиядан Польшага чейин, түштүктө Түштүк-Америкага чейинки өлкөлөрдү камтыйт. Жогоруда аты аталган университеттин табигый-техникалык факультетинин үчүнчү жана төртүнчү курстарынын студенттери Александр жана Медет бардык тандоо турларын өтүп, олимпиаданын үч турунда жеңүүчү болуу менен, таймаштардын жыйынтык этабына жетишкен.

“Ушундай мелдештерге катышуу жаш адистер үчүн өтө маанилүү. Алар башка өлкөлөрдөн келген өкүлдөр менен баарлашып, билим деңгээлдерин салыштырып жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк ала алышат. Бул чынында, мындан аркы өнүгүүбүзгө жол ачат. Медет экөөбүз келечекте дагы мелдештерге катышууну пландаштыруудабыз. MegaCom компаниясы кайрадан колдоп берет деген ишеничтебиз!” – деп ой бөлүшө кетти, маалымат жана эсептөө технологиялары кафедрасынын төртүнчү курсунун студенти, олимпиаданын коло медалынын ээси Александр Литвак.

MegaCom компаниясы корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында жаштардын интеллектуалдык өнүгүүсүнө жана алардын билим алуусуна чоң көңүл бурат, анткени билим берүү тармагына, инсандын өнүгүүсүнө салым кошуусун – компаниянын өлкөнүн келечегин түптөө аракети катары баалоого болот.

MegaCom сапаттуу билим жана билимдүү жаштар үчүн.

Сунушталган кызматтар

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • «Автотөлөм»

    кызматы

  • Ким чалды?

    кызматы

  • «Сени издейм»

    кызматы