Перейти на новый сайт
“Mega Билим” Чоң-Алайга жетти

 

“Mega Билим” Чоң-Алайга жетти

MegaCom компаниясынын, “Mega Билим” билим берүү долбоорунун алкагында Ош областынын Чоң-Алай районундагы Дараут айылынын Алайчы уулу Саита атындагы орто мектебинде кезектеги компьютер класстын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Жаңы информатика классынын босогосунда кызыл лента кесилген соң, окуучулар жаңы технологиялар дүйнөсүнөн кабар алууга мүмкүнчүлүк алышты. Аталган класстын ачылыш аземи окуучулардын чыгармачылык өнөрлөрү, ыр саптарын айтуу жана жандуу бийлери менен коштолду.

Өз кезегинде, райондун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Имарбай Бакиров, акимдин орун басары Саадат Туйгунова жана мектептеги ата-энелер комитети MegaCom компаниясы социалдык жоопкерчилигинин алкагында жасап жаткан мындай демилгесине терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Бүгүнкү күнү, “Mega Билим” билим берүү долбоорунун алкагында өлкөнүн 57 жалпы билим берүү окуу жайлары заманбап компьютердик класстар менен камсыздалган.

MegaCom менен 5ке окуу жеңил!

 

Сунушталган кызматтар

  • NITRO

    кызматы

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы