Перейти на новый сайт

Мирбек Атабековдон Mega концерт

Мирбек Атабековдон Mega концерт

Миллиондогон кыргызстандыктардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырчы, кыргыз эстрадасынын Mega жылдызы Мирбек Атабеков, 22-сентябрда, Бишкекте, жан эргиткен жаңы чыгармаларынын бетачарын тартуулайт. 2 жылдан бери бул концертти чыдамсыздык менен күтүп келишкен артисттин күйөрмандары, күз күндөрүнүн ажарын жагымдуу музыка менен ача турган ушул көз ирмемдердин күбөсү болушат.

Концерттин эсте калаарлык болоору шексиз. Көрүүчүлөрдү кыргыздын эстрада чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн коштоосундагы ажайып программа күтөт. Мирбек күйөрмандарына жана жөн гана сапаттуу, жандуу үндү баалагандарга өзүнүн жаңы музыкалык композицияларын тартуулап жана жеке сайтынын ачылышы менен кубандырат. Кыскасы, концертке келген меймандар ырчы жигитибиздин жаңы ырларынын алгачкы угармандары гана болбостон, атайын чакырылган жылдыздардын катышуусундагы ажайып шоу-программаны көрө алышат.

Айтмакчы, MegaCom компаниясынын абоненттеринин, өзүнүн сүйүктүү ырчысынын, калаабыздын белгилүү клубдарынын биринде өтө турган шоу-концертинин чакыруу билетине ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар.

Утуштун шарттары жана толук маалыматтар менен Сиздер социалдык түйүндөрдөгү компаниянын расмий баракчаларынан тааныша аласыздар. Мирбек Атабековдун концерттери Каракол, Ош жана Жалал-Абад шаарларында да өтмөкчү.

Жеке корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында, билим берүү, спорт, жана маданият тармактарындагы ар кыл долбоорлорду колдоо боюнча алгылыктуу иштерди аркалап келе жаткан MegaCom компаниясы Мирбек Атабековдун концерттерине башкы демөөрчүлүк кылуу милдетин колго алган.

Сунушталган кызматтар

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы

  • «Кара тизме»

    кызматы