MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер! Байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды жакшыртуу жумуштарын жүргүзүүгө байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 20-сентябрда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Жалал-Абад областынын Майлуу Суу шаарындагы Загородная көчөсүнүн жана Кочкор-Ата айылынын Октябрь көчөсүнүн аймагы;
- Чүй областынын Кепүрө-Арык жана Маловодное айылдарынын аймагы;
- Ош областынын Куршаб айылынын жана Өзгөн шаарынын Кошуев жана Манас көчөлөрүнүн аймагы;
- Бишкектеги ЭЭАнын аймагы камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы