Перейти на новый сайт

Бишкекте BarCamp Kyrgyzstan-2012 өтөт

Бишкекте BarCamp Kyrgyzstan-2012 өтөт

Кыргызстанда төртүнчү жолу өтүп жаткан бул иш-чаранын алкагында, мобилдик интернеттин өнүгүшү, бүткүл дүйнө тармагындагы сөз эркиндигинин орду, маалымат технологияларынын жана жаңы медиа чөйрөсүнүн жаңылыктары талкууга алынмакчы. Аталган жаштар конференциясы MegaCom компаниясынын колдоосу менен өткөнү турат.

«BarCamp Kyrgyzstan-2012 – тажрыйба алмашуу, бизнес-идеялардын бетачарын өткөрүү жана аларды жайылтуу үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк. Бул демилгени өнүктүрүү керек, себеби, баардыгыбызга белгилүү болгондой, жыл сайын канчалаган кыргызстандыктардын жаңы технологиялар дүйнөсүнө болгон кызыгуусу артып, биздин жашообузду интернетсиз элестетүүгө мүмкүн болбой калды. Белгилей кетейин, быйылкы жылдагы конференцияны өткөрүүдө, бизнес-чөйрөбүздүн эң ири өкүлү MegaCom уюлдук оператору биздин демилгени колдоп, бул колдоо, аталган иш-чараны уюштуруудагы мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңейтти”- деп BarCamp Kyrgyzstan-2012 конференциясынын уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн бири Мирбек Токтогараев белгиледи.

Уюлдук компаниянын корпоративдик байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытованын айтымында, MegaCom компаниясы жеке корпоративдик социалдык жоопкерчилик алкагында билим берүү тармагына басым жасайт. “Компаниянын, кеңири масштабдагы, «Mega Билим» долбоору республиканын алыскы аймактарындагы мектептерди компьютерлер менен жабдуу менен, элеттик окуучулардын компьютердик сабатын жоюуга, мугалимдерге болсо, окуу процессинде атайын билим берүү порталдарында жайгаштырылган ийгиликтүү тажрыйбаларды, усулдарды колдонуу менен интерактивдүү билим берүүнүн элементтерин колдонуп сабак өтүү мүмкүнчүлүктөрүн шарттайт”, - дейт : Ж. Мамытова.

Жеке билим берүү долбоорунан тышкары, компания окуу жайларын окуу китептери менен камсыз кылып жана алардын тематикалык маданий-массалык иш-чараларын уюштуруусунда өз жардамын аябай келет. Келечек муундун татыктуу билим алуусуна жана интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө кайдыгер карабагандыгы менен, ири уюлдук оператор, өлкө келечегине өзүнүн бараандуу салымын кошууда.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы

  • «MIX үн порталы»

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы