Перейти на новый сайт
MegaCom Ажылык сапар учурунда тарифтердин наркынын төмөндөшү тууралуу билдирет.

MegaCom Ажылык сапар учурунда тарифтердин наркынын төмөндөшү тууралуу билдирет.

Ар бир мусулман баласы үчүн өмүрүндө бир жолу ажылык ибадатын орундоо парз. Ден соолугу чың жана материалдык жактан мүмкүнчүлүгү болгон учурда гана, жер бетинин эң ыйык деп эсептелген Мекке шаарына ажылык сапарга барууга болот.

Ажылык сапарга барган инсандар руханий жактан тазаланып, Алланын ырахатына бөлөнөт. MegaCom компаниясы, зыярат учурунда, ыйык жерлерге сапар тарткан өз абоненттерине кам көрүп, 2012-жылдын 14-сентябрынан тарта, Сауд Аравиясындагы роумингдин тарифтеринин төмөндөшү тууралуу маалымдайт. Эми,

• барган өлкөнүн номерлерине чыккан чалууларды аткаруу 50 сомду,
• чыккан SMS – 25 сомду,
• кирген чалуулар – 20 сомду,
• Кыргызстанга чыккан чалуулар – 190 сомду,
• башка эл аралык багыттарга чыккан чалуулар – 190 сомду,
• спутник тармактарына чыккан чалуулар – 800 сомду түзөт.

Роумингдеги тарифтөө мүнөтүнө эсептелинет. Өзгөрүүлөр 2012-жылдын
14-сентябрынан тарта 2012-жылдын 1-ноябрына чейин жарамдуу.
Чалуулардын мүнөтүнүн/ SMSтин баалары сом менен, КНС жана СС эсепке алынып көрсөтүлгөн.

Сунушталган кызматтар

  • Планер

    кызматы

  • NITRO

    кызматы

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы