Перейти на новый сайт
SMS аркылуу Mega баарлашуу

SMS аркылуу Mega баарлашуу

Кыргызстандагы уюлдук байланыштын алдыңкы провайдери - MegaCom компаниясынын телекоммуникация ааламынын “күрөө тамырын кармап”, байланыш тармагынын бардык жаңылыктарынан кабардар болуп туруусу, өз абоненттерине ыңгайлуу жана жеткиликтүү болгон кызматтардын түрлөрүн көрсөтүүсүн шарттап турат.

MegaCom, Odnoklassniki социалдык тармагынын Кыргызстандагы колдонуучулар тарабынан өзгөчө мааниге ээ болгонун эске алуу менен, алгачкылардан болуп, өз абоненттерине «SMS2Odnoklassniki жана Odnoklassniki2SMS» кызматын сунуштады. Кызмат аталган социалдык тармакта SMS-билдирүүлөр аркылуу баарлашууга өбөлгө түзөт. Анын жардамы менен, Интернетке жетки болбогон учурда дагы, үзгүлтүксүз байланыш камсыздалат. Кызматка кошулуу акысыз, Odnoklassniki социалдык тармагынын билдирүүлөрүнө SMS-жооптун наркы, абоненттин тарифтик планына жараша, MegaCom тармагы ичиндеги башка чыгыш SMS-билдирүүлөр сыяктуу эле тарифтелет.

Мындан тышкары Facebook, Twitter, Agent, ICQ, Google+, ВКонтакте сыяктуу белгилүү социалдык тармактарда баарлашуу үчүн, жана дагы Gmail жана Mail.ru электрондук почтасынын колдонуучулары үчүн дагы ушул сыяктуу кызматтар жеткиликтүү болот. SMS аркылуу баарлашуу кызматын, Сиз, компаниянын www.megacom.kg расмий сайтындагы нускамалардын жардамы менен же компаниянын кардарларды колдоо кызматына кайрылуу аркылуу жана дагы 500 номерине Сизди кызыктырган суроо менен SMS-билдирүү жөнөтүп, “SMS-кеңешчи” акысыз кызматынын көмөгү менен да кошо аласыз, бул учурда компаниянын кардарларды колдоо кызматынын адистери керектүү маалыматты топтоп, кыска мөөнөттүн ичинде Сизге SMS түрүндө жөнөтүшөт.

“SMS-кеңешчи” кызматынын жардамы менен MegaCom абоненттери так маалыматка ээ болуп, оператор менен маектеше алышат. Кызматтан пайдаланып, Сиз, Компаниянын тарифтик пландары жана кызматтары тууралуу Сизди кызыктырган маалыматтарды кардарларды колдоо кызматынын адистеринен ала аласыз. Кошумча техникалык каражаттарды пайдаланбастан, уюлдук телефондун негизги түзмөктөрү аркылуу баарлашуу “SMS-кеңешчи” кызматынын эң негизги артыкчылыгы болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө, баарлашуу кыргыз, орус, англис жана өзбек тилдеринде жеткиликтүү.

MegaCom аркылуу сиз дүйнө менен ар дайым байланышта болосуз!
 

Сунушталган кызматтар

  • «4 тил»

    кызматы

  • MEGOGO

    кызматы

  • Конференц-байланыш

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг»

    кызматы