Перейти на новый сайт

MegaCom Нарын шаарында брендделген жаңы express-борборду ачты.

MegaCom Нарын шаарында брендделген жаңы express-борборду ачты.

MegaCom компаниясы, бүгүн, 7-сентябрь күнү, Нарын шаарында MegaCom жаңы express-борбору ачылгандыгы тууралуу кубануу менен маалымдайт. Борбордун ачылышын, аталган шаарда абоненттерди тейлөөдөгү жана кызматтардын түрлөрүн көрсөтүүдөгү жаңы кадам катары кароого болот.

Кезектеги MegaCom express-борборунун ачылышына карата, атайын өткөрүлүүчү 3 күндүк акциянын алкагында, 50 же андан ашык сом баланска салып, 10 күндүн аралыгында, түйүн ичинде жөнөтүүгө мүмкүн болгон 20 SMS-тен турган бонус алууга мүмкүнчүлүгүңүз бар.

Балансты мындан кийинки ушундай эле суммадагы толуктоолордо бонус суммаланып, колдонуу мөөнөтү баланс толукталгандан тарта кайрадан 10 күнгө узартылып турат.

Мындан тышкары дагы, эгерде Сиз SIM картаны Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнүн 72- үйүндө («Дордой Плаза» соода борборунун каршысында), жайгашкан MegaCom express-борборунан сатып алган болсоңуз, Сиз 10 күн ичинде түйүн ичинде жөнөтүүгө мүмкүн болгон 30 SMS-ти бонус катары аласыз.

MegaCom express-борборуна кайрылуу менен, абоненттер өздөрү кызыкдар болгон баардык маалыматты өз ишин мыкты билген компания адистеринен ала алышат. Аталган еxpress-борбордо кеңеш берүүдөн баштап, балансты комиссиясыз толтуруу, сим-карталарды калыбына келтирүү, «Роуминг» кызматын кошууга чейинки кызматтардын түрлөрү көрсөтүлөт. Иштөө убактысы: Дүйшөмбүдөн ишембиге чейинки жуманын күндөрү, саат 9:00дөн 18:00гө чейин. Дем алыш күн-жекшемби. Майрам күндөрү саат 9:00дөн 13:00гө чейин.

MegaCom дистрибьютердик тармагы, бүгүнкү күндө, 19 расмий сатуу жана абоненттерди тейлөө Борборлорун, 13 MegaCom express –борборун жана 7000ден ашуун сатуу түйүндөрүн өз ичине камтыйт.

Уюлдук компания өз абоненттери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнүн аракетинде.
 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Звонок за счёт друга»

  • Услуга

    MegaKassa

  • Услуга

    «Мобильная зарплата»

  • Услуга

    Информация для абонентов в роуминге