Перейти на новый сайт

MegaComдун колдоосу менен жаш спортчу ийгилик жаратты

MegaComдун колдоосу менен жаш спортчу ийгилик жаратты

Кыргызстандык Малика Кыдыралиева Казакстандын Павлодар шаарында өткөн “Иртышские Зори” аттуу спорттук акробатика боюнча эл аралык мелдешке катышып, коло медалга ээ болду.

Өзү он бир жашта болгонуна карабастан, жаш спортчу Малика Кыдыралиева Кыргыз Республикасынын спорт чебери. Өткөн жылы Орусиянын Томск шаарында болуп өткөн белгилүү эл аралык таймашууда байгелүү үчүнчү орунду ээлеген. Эми болсо, MegaCom уюлдук операторунун колдоосу менен да Казакстандагы эл аралык мелдеште чемпиондук наам үчүн күрөшүп, жеңил эмес кармашууда коло медал менен кайтты.

“Атаандаштарыбыз ар дайым биздин ийкемдүү, көрүнүктүү жана эң сулуу спортчуларыбыздын чыгышын чыдамсыздык менен күтүшөт. Бул көрүнгөн жеңилдиктин аркасында кандай билинбеген мээнет турганын ким билсин. Биздин спортчуларыбызга чет өлкөлөргө барып, ар кандай спорттук мелдешүүлөрдө Кыргызстандын намысын коргоп, катышуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн, MegaCom компаниясына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деди акробатика спорту боюнча машыктыруучу Екатерина Овчарова.

MegaCom компаниясы корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында, өлкөбүздүн дене тарбия жана спорт тармагына өзгөчө көңүл бөлөт жана учурда кикбоксинг, шахмат жана күрөш улуттук спорт федерацияларын байма-бай колдоп келет.

MegaCom - спорт үчүн, сергек мүнөздөгү жашоо үчүн, келечектеги чемпиондор үчүн!
 

Сунушталган кызматтар

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • eSIM

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы