Перейти на новый сайт
MegaCom уюлдук тармакты өнүктүрүүнү улантууда

MegaCom уюлдук тармакты өнүктүрүүнү улантууда

MegaCom компаниясы ыкчам маалымат берүү тармактарынын (3G/LTE) инфраструктурасын жаңыртуу боюнча иштерди улантууда. Азыркы тапта Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарын үчүнчү муун байланышы менен камсыз кылуу компаниянын негизги милдеттеринин бири. Үн трафигинин , SMS жана MMS билдирүүлөрдүн сапаты жакшырып, GPRS интернет-трафигинин ылдамдыгы жогорулоо менен катар үчүнчү муун байланышынын баардык артыкчылыктары менен пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү.

2012-жылдын январь айында Бишкек шаарында 3,5G байланышы ишке кирген эле. Чүй аймагы, андан соң жайдын башталышы менен үчүнчү муун байланышы Ысык-Көл облусунда жеткиликтүү болуп калды. Бир аз убакыт мурдараак бүтүндөй Ош шаарында да үчүнчү муун байланышы 100 пайыз ишке киргизди. Учурда жабдууларды жаңыртуу жараяны Ош жана Жалал –Абад облустарында орун алууда. Бүгүнкү күндө, 3,5G байланышы камтыган аймактардын катарына Оштогу аэропорт жана Кара-Суу райондорун, Шарк, Нариман, Кызыл-Кыштык, Зарбдор, Фуркат, Кашгар-Кыштак, Ынтымак, Кыдырша, Жаңы-Турмуш, Кыргыз-Чек айылдарын, Ош облусунун Кара-Суу шаары, Сузак районунун Сузак жана Таш-Булак айылдарын, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын 50 пайызын киргизүүгө болот.

Уюлдук байланыш тармагын өнүктүрүү эки негизги маселени чечүүгө багытталган: өлкө боюнча туруктуу жана үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатуу. Компаниянын техникалык тармагы дүйнөдө кеңири колдонулган базалык станциялар менен жабдылган. Белгилүү ири ишканалардын заманбап жабдууларын колдонуу менен уюлдук оператор оперативдүү түрдө тармакты жаңыртып, ашыкча чыгымдарды үнөмдөөдө. MegaCom компаниясы келечекте LTE (4G) төртүнчү муун байланышын өз абоненттерине сунуштоонун алдында тургандыктан, орнотулган базалык станциялар 4G (төртүнчү муун) байланышы үчүн да ылайыкташтырылган.

MegaCom жаңы мүмкүнчүлүктөр убактысы.

Сунушталган кызматтар

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon
  • Автомаалымдоо

    кызматы

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon