Перейти на новый сайт

MegaComдон “галактикалык” сунуш

 
MegaComдон “галактикалык” сунуш

MegaCom компаниясы интернетке тез жана жеңил туташуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган уюлдук телефондорду сунуштайт. Жайдын башында, MegaCom компаниясынын бардык сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлоруна сатыкка түшкөн, Android операциялык системасы менен иштеген жаңы Samsung Galaxy S III смартфону, интернет колдонуучуларынын жүрөктөрүн багындырган эле.

Компаниянын бардык тейлөө жана сатуу борборлорунан Samsung Galaxy S III смартфонун 30900 сомго сатып алуу менен, пайдалануучулар бонус иретинде 3000 Мб акысыз интернет-трафикти жана “Тунук” тарифтик планына кошулган күмүш номерди белек катары алышмакчы.

Samsung түркүмүнүн башка модели - Galaxy S II GT-I9100дүн да популярдуулугу төмөндөгөн жок. Аталган телефонду сатып алганда да кардарлар үчүн күмүш номер, «Тунук» тарифтик планына кошулган SIM-карта жана иштөө мөөнөтү 100 күн б.а. күнүнө 20 Mb эсептелген 2000 Mb интернет-трафик тартууланмакчы. Ал эми бул телефондун баасы 21900 сом.

Ошондой эле компаниянын сатуу жана тейлөө борборлорунан, Samsung GT-P6200 Galaxy Tab 7.0 Plus жана Samsung GT-N7000 Galaxy Note планшеттерин сатып алуу да мүмкүн. Ушул жана башка сунуштар боюнча толук маалыматты www.megacom.kg компаниянын расмий сайтынан окуса болот.

MegaCom компаниясынын абоненттерди тейлөө жана сатуу борборлорунан Samsung түркүмүнүн телефондорун сатып алуу менен, Сиз бир жыл бою Samsung расмий сервис-борборлорунун кепилдик тейлөөсүнө ээ болосуз. MegaCom компаниясы тарабынан сатыкка коюлган телефондор, Кыргызстандын аймагында колдонуу үчүн, расмий жана тастыкталган товар болуп эсептелет.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «IP Звонок»

  • Услуга

    Онлайн-кинотеатр more.tv

  • Услуга

    «USSD-Меню: Мобильный портал»

  • Услуга

    «Спасательный круг»