MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер! Байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды жакшыртуу жумуштарын жүргүзүүгө байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 27-августта, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Жалал-Абад областынын “Ырыс” айыл өкмөтүнүн аймагындагы Киров айылы жана Сузак шаары;
- Жалал-Абад шаарындагы Абдурахманов, Бакиев жана Осмонов көчөлөрүнүн аймагы;
- Ош областынын Кара-Суу шаарындагы Ленин көчөсүнүн аймагы;
- Чүй областынын Ак-Бекет айылы жайгашкан аймак камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы