Перейти на новый сайт

“Адам өмүрүн сактайлы!” акциясы башталды

 “Адам өмүрүн сактайлы!” акциясы башталды

Бишкек шаарынын Тез жардам көрсөтүү кызматына көмөк көрсөтүү максатында, MegaCom компаниясы “Адам өмүрүн сактайлы!” аттуу кайрымдуулук акциясын ишке киргизди. Акциянын алкагында чогулган бардык каражаттар дары-дармектерди жана заманбап медицина жабдууларын: кардиографтарды, тонометрлерди, градусниктерди ж.б. сатып алууга жумшалмакчы. “0103” кыска номерине SMS билдирүү жөнөтүп, Сиз өзүңүздүн чөнтөк телефонуңуздун эсебинен Бишкектин тез жардам көрсөтүү кызматынын эсебине 20 сом каражат которосуз.

“Бул марафон кыргызстандыктардын аң-сезиминин деңгээлин жогорулатып, тез жардам көрсөтүү станциясына болгон мамилесинин түп тамырынан өзгөртөт, ал эми “Адам өмүрүн сактайлы!” кайрымдуулук акциясы тез жардам көрсөтүүнүн деңгээлинин жогорулашына өз таасирин тийгизет деп ишенебиз”, - дейт тез жардам кызматынын башкы дарыгери Гульнара Ташибекова.

Кыска номер аркылуу мекендештердин колдоосу менен каражат топтоо иш-чаралары буга чейин да уюштурулуп келген. Меселен, Улуу Жеңиш Күнүнө карата MegaCom компаниясынын абоненттеринин күчү менен 1945 кыска номерине 722 миң сомдон ашуун акча каражат чогулуп, “Даңк”, “Кызыл жылдыз” ордендеринин кавалерлери, Эрдик жана Күжүрмөндүк үчүн медалдарынын ээлери болгон ардагерлерибизге бөлүнүп берилген.

Буга чейин MegaCom компаниясы корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында тез жардам көрсөтүүчү бригадаларынын кызматкерлерине атайын жайкы кийим жана биринчи жардам көрсөтүү каражаттарын алуу үчүн борбор калаанын Тез жардам кызматына колдоо көрсөткөнү бар. Мамлекеттик программалар менен катар саламаттыкты сактоо тармагын чыңдоо, MegaCom компаниясы үчүн да көңүл бөлө турчу олуттуу масалелерден болуп саналат.

Сунушталган кызматтар

  • «4 тил»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы