Перейти на новый сайт

Кадамжайда MegaCom компаниясынын абоненттерди тейлөөчү жаңы express - борбору ачылды

Кадамжайда MegaCom компаниясынын абоненттерди тейлөөчү жаңы express - борбору ачылды

Бүгүн, 31-июлда, КРдин Баткен областынын Кадамжай районунун Кадамжай кыштагында MegaComдун брендделген жаңы express-борбору өз ишин баштагандыгы жөнүндө MegaCom компаниясы кубаныч менен маалымдайт. Жаңы ачылган express-борбор абоненттерге жогорку деңгээлдеги тейлөөнү жана кызматтардын кеңири түркүмүн эксклюзивдүү түрдө көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Кезектеги MegaCom express-борборунун ачылышына карата, атайын акциянын алкагында, үч күндүн ичинде, 50 же андан ашык сом баланска салып, 10 күндө түйүн ичинде жөнөтүүгө мүмкүн болгон 20 SMS-тен турган бонус алуу мүмкүнчүлүгүңүз бар. Мындан тышкары, эгерде Сиз SIM-картаны MegaCom express-борборунан (Кадамжай кыштагы, “Пүлгөн” автобекетинин имараты дареги боюнча) сатып алсаңыз, Сиз 10 күндө түйүн ичинде жөнөтүүгө мүмкүн болгон 30 SMS-тен турган бонус аласыз. Мындан кийин, дагы балансты 50 же андан ашык суммага толуктоодо бонус суммаланат, ал эми иштөө мөөнөтү акыркы жолу балансты толуктаган убакыттан баштап соңку 10 календардык күнгө созулат.

MegaCom express-борборуна кайрылып, абоненттер жогорку квалификациялуу адистерден баардык кызыктырган маалыматтарды ала алышат. МЭБде кызматтардын кеңири түркүмү: кеңеш берүүдөн баштап, комиссиясыз балансты толуктоо, сим-карта кайра калыбына келтирүү, “Роуминг” кызматын кошууга чейин көрсөтүлөт. Иштөө убакытты: 9:00-дөн 18:00-гө чейин, дүйшөмбүдөн ишембиге чейин. Жекшемби күнү дем алыш күн.

Майрам күндөрү 9:00-дөн 13:00-гө чейин.

Азыркы учурда, MegaCom дистрибютердик түйүнү өз ичине 7000ден ашуун сатуу пункттарын, 12 брендделген Mega-экспресс-борборун жана компаниянын 19 расмий тейлөө борборун өз ичине камтыйт. Алдыңкы уюлдук оператор абоненттердин тейлөөсүнө эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө умтулат. 2012-жылдын аягына чейин КРдин ар бир аймагында МЭБди ачуу пландаштырылууда.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «IP Звонок»

  • Услуга

    «Антиопределитель+»

  • Услуга

    MEGOGO

  • Услуга

    «4G Wi-Fi роутер MegaCom»