Перейти на новый сайт
«Mega Билим» долбоорунун алкагында дагы 10 компьютердик класс ачылды

«Mega Билим» долбоорунун алкагында дагы 10 компьютердик класс ачылды

Жаңы окуу жылдын башталышы менен өлкөнүн дагы он орто мектеби жаңы компьютердик класстар менен камсыздалды. Өткөн аптада MegaCom компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Ош облусунун Тажибай атындагы орто мектебинде жаңы класстын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

2012-жылдын 1-сентябрынан тарта Ош областынын дагы 4 мектебинин: Алайчи уулу Саита атындагы, Сыдык Алайчы уулу атындагы №87, К.Каримов, Тажибай жана Айбек атындагы орто мектептеринин; Чүй областынын 2 мектебинин: Ысык-Ата районунун Киргшелк жана Маевка, Ысык-Көл областынын 3 мектебинин: Абдылды Кайдуев атындагы №11- Коочу орто мектеби, Т.Г.Шевченко атындагы №25 жана Ж.Мукамбаев атындагы №4 мектептеринин окуучулары интерактивдүү билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

MegaCom компаниясынын корпоративдик байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытованын айтымында, аталган долбоор компаниянын корпоративдик социалдык жоопкерчилик боюнча стратегиясынын алкагында ишке ашырылууда. “MegaCom компаниясынын “Mega Билим” билим берүү демилгеси - республиканын алыскы айыл мектептерин компьютерлер менен камсыздап, окуучулардын компьютердик сабатсыздыгын жоюу жана аларга дүйнөлүк интернет тармагына кирүү мүмкүнчүлүгүн тартуулоо менен алардын билим сапатын жогорулатууга багытталган. Азыркы учурда өлкөнүн 51 орто метктебинде компьютер класстары ачылып, иштеп жатат. Мындай демилге өз кезегинде ири бизнестин өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымы болмокчу.”, - деп белгиледи Ж. Мамытова.

Долбоорду ишке ашырууда, катышууга талапкерлигин билдирген жалпы билим берүү окуу жайларынан келип түшкөн билдирмелерди карап чыгуу жана тандап алуу үчүн, атайын комиссия түзүлгөн. Долбоорго катышуу үчүн толтурулуучу билдирменин үлгүсү www.megacom.kg сайтында жайгашкан жана “Кут Билим” гезитинде үзгүлтүксүз жарыяланып турат. Долбоор алкагында республиканын алыскы аймактарындагы 143 мектепти компьютер менен жабдуу пландаштырылууда.

Сунушталган кызматтар

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • Роумингдеги абоненттер үчүн маалымат

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы