Перейти на новый сайт

MegaCom тармагы техникалык өнүгүүсүн улантууда

MegaCom тармагы техникалык өнүгүүсүн улантууда

MegaCom тармагынын радио каптоо чөлкөмүн күндөн-күнгө кеңейтүү, планга ылайык, улантылууда. 2012-жылдын башынан баштап, 38 жаңы базалык станция ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө MegaCom түйүнүнүн абоненттерин 1219 базалык станция тейлейт.

Компанияны өнүктүрүүнүн үстүбүздөгү жылдагы стратегиялык пландарына ылайык, өлкөнүн алдыңкы уюлдук оператору, республика боюнча тармактын каптоосун кеңейтүүнү улантып жатат. Жогорку ылдамдыктагы маалымат берүү (3G/LTE) тармактарынын жабдууларын жаңылоо боюнча , MegaCom компаниясы өзүнүн негизги максаттарынын бирин - Талас, Жалал-Абад жана Ош областтарын үчүнчү муундагы байланыш менен камсыздоону ишке ашырууда. Кыргыз берметинин жээгинде жайгашкан айылдардын тургундары жана эс алуучулар үчүн, байланыш кызматынын сапатынын жогорулаганы сезилээрлик болуп калды. Көгүлтүр көл жээгиндеги эс алуу маалына карата, Ысык-Көл областында 3G ишке киргизилди.

“Азыркы учурда, Ош областында жабдууларды жаңыртуу жумуштары жүргүзүлүүдө, кошумчалай кетсек, Ош шаарынын түндүк тарабы жана аэропорттун аймагы, Нурдар, Кашгар-Кыштак жана Кыргыз-Чек калктуу конуштары толугу менен 3G байланышы менен капталды” - деп белгилейт MegaCom компаниясынын радио-пландоо бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Курманбаев.

Пландоо боюнча, MegaCom 3,5G байланышы менен капталган калктуу аймактардын санын көбөйтүүнү улантууда. Учурда, үчүнчү муундагы байланыш борбор калаабыздан тышкары дагы Кант, Токмок шаарларында жана Чүй областынын: Мраморное, Октябрьское, Озерное, Жаңы-Пахта, Жаңы-Жер, Нижневостоное, Гроздь, Молдовановка, Нижняя Ала-Арча, Көк-Жар, Беш-Күңгөй, Таш-Дөбө, Селекционное, Военно-Антоновка, Новопавловка, Пригородное, Лебединовка, Новопокровка, Киргшелк, Ленин, Константиновка, Аламүдүн, Жал, Кунтуу, Кызыл-Туу, Ак-Жол, Манас, Восток, Кой-Таш, Алмалуу, Ысык-Ата,
Карагай-Булак, Серафимовка, Ала-Тоо совхозу, Юрьевка, Биринчи май, Интернационал, Жээк, Ивановка станциясы, Дмитриевка, Бирдик, Кеңеш, Красная Речка, Ивановка шаарчасы, Кең-Булуң, Чолпон, Совет, Дөң-Арык, Ак-Бешим, Кошой, Чүй, Боролдой, Жел-Арык, Кызы-Суу, Чым-Коргон, Кемин, Искра, Кызыл-Арык, Мыкан, Васильевка айылдарынд Боом капчыгайында жана Ысык-Көл областынын Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларында, Тамчы, Кош-Көл, Чоктал, Чоң-Сары-Ой, Сары-Ой, Кара-Ой, Бостери, Булан-Сөгөттү, Корумду, Григорьевка, Бөкөнбаев, Барскоон, Саруу, Кызыл-Суу, Жети-Өгүз жана Түп айылдарында жеткиликтүү болуп калды.

Компаниянын техникалык жаатындагы адистери тармактын каптоосун кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн шарттаган жаңы базалык станцияларды ишке киргизүү боюнча алгылыктуу иштерди жүргүзүшүүдө. Мисалга алсак, Ош жана Жалал-Абад областтарында 12 жаңы базалык станция орнотулган. Жаңы 10 базалык станциянын курулушу Ысык-Көл жергесинде жана Бишкек шаарында сигналды мыктылоо мүмкүнчүлүгүн шарттайт. Чүй областынын дээрлик баардык аймагын тармактын каптоосу, аталган аймакта , 13 станциянын ишке киргизилгендиги менен байланыштуу.

MegaCom компаниясы өз абоненттерине көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына ар дайым кам көрөт.

Сунушталган кызматтар

  • «Маанай»

    кызматы

    icon
  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы

  • SmartBook

    кызматы