Перейти на новый сайт

MegaCom медицина кызматкерлерин куттуктады

MegaCom медицина кызматкерлерин куттуктады

MegaCom компаниясы, Медицина кызматкеринин күнүнө карата Бишкектеги энелерди жана балдарды коргоо Улуттук борборунун кызматкерлерин куттуктап, өз ишинде өзгөчө көрсөткүчтөргө жетишкен дарыгерлерге белектерди тапшырды.

           

Дарыгер – бул адамзатка кызмат кылууга өзүн арнаган адам. Ал адамда болгон эң баалуу нерсеге – адам өмүрүнө жоопкерчиликтүү. Дарыгерлик кесип – дүйнөдөгү эң асыл, гумандуу жана абдан зарыл кесиптердин бири жана мындай эбегейсиз жоопкерчиликти өз мойнуна алган кесип ээлерине алардын жогорку профессионалдуулугу, эмгеги, боорукердиги жана адамдарга болгон камкордук мамилеси үчүн биз дарыгерлерибизге чоң ыраазычылык билдиребиз”, - деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын каржы маселелер боюнча кеңешчиси Кылычбек Тентимишев.

          
 
Бишкектеги Энелерди жана балдарды коргоо Улуттук борборуна дарылануу же текшерилүү үчүн Кыргызстандан жана Орто Азия өлкөлөрүнөн жылына 100 миңге чейин адам кайрылат. Алардын көпчүлүгү балдар. Ушуга байланыштуу, ушул жылдын 22-апрелинде өлкөнүн алдыңкы уюлдук оператору “Каалоо багы” кайрымдуулук акциясынын алкагында медициналык мекеменин бакчасын иретке келтирүү жана жашылдандыруу менен ландшафттык кооздомду жаратты. Компаниянын кызматкерлери үч жүзгө жакын бак-дарактарды отургузушту. Жашылдандыруудан тышкары, кичинекей бейтаптардын ден соолугун жакшыртууга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн MegaCom компаниясынын жардамы менен отургучтар орнотулган. Келечекте компания оорукананын аймагында балдар аянтчасын курууну да пландаштырууда.

          

Энелерди жана балдарды коргоо Улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев жана оорукананын жамааты, бейтаптардын тез сакайып кетүүсү үчүн зарыл болгон тиричилик шарттарын жакшыртууга кошкон салымы үчүн MegaCom компаниясына терең ыраазычылыгын билдиришти.

Ири бизнестин корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында компания жетим, жарым-жартылай жетим, майып жана ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдарга квартал сайын жардам берип келет. Уюлдук оператор жалпысынан ар бир аймактан бирден жетим балдар үйүнө өз камкордугун көрсөтүп келүүдө.

 

Сунушталган кызматтар

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы

  • «Маанай»

    кызматы

    icon
  • «Mega USSD»

    кызматы