Перейти на новый сайт

Спорт үчүн! Жеңиш үчүн! Кыргызстан үчүн!

Спорт үчүн! Жеңиш үчүн! Кыргызстан үчүн!

Эртең, 28-июнда саат 19:00дө, “Спартак” стадионунда, W5 жана “Барс” дүйнөлүк кикбоксинг федерациясынын версиясы боюнча кикбоксингдин К-1 чеберлери арасында дүйнө чемпиону наамы үчүн кыргызстандык Алексей Федосеев жана Швециялык спортчу Мартин Актардын ортосундагы мелдеш өткөрүлөт. Жеңүүчүгө 2 версия боюнча 2 кур ошол замат берилет. Титулдук мелдешти Кыргызстандын, Казакстандын жана Орусиянын 12 мыкты спортчуларынын 6 рейтингдик кесипкөйлүк таймашууларды коштойт.


 
Алексей Федосеев кесипкөйлөр арасында кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болуу максатын көздөйт. Кикбоксчу 2011-жылдын 2-сентябрында “Интерконтиненталдык чемпион” титулунун ээси болуп, ошол эле жылдын 9-декабрда WBFK версиясындагы “Алтын илбирс кубогу” үчүн кикбоксингдин К-1 версиясы боюнча Эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болгон. Мындан тышкары, Алексей Европанын жана Евразиянын чемпиону. Бул жетишкендиктери спортчуга финалга чыгууга жана өз артыкчылыгын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

MegaCom компаниясы, чечүүчү беттешүүнүн күбөсү болуу жана эл аралык таймаштарда Кыргызстандын намысын коргой турган спортчу Алексей Федосеевди колдоо уникалдуу мүмкүнчүлүгүн кыргызстандыктарга тартуулайт.

Республиканын алдынкы уюлдук оператору, компаниянын Тартипти сактоо жана коргоо бөлүмүнүн кызматкери Алексей менен сыймыктанат жана бардык таймаштарда жеңишке жетишүүсүнө тилектештигин билдирет!

Алга Алексей! MegaCom жана Кыргызстан сени менен!

Сунушталган кызматтар

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • NITRO

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • «Тыным»

    кызматы