Перейти на новый сайт
Талас областындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын Покровка реабилитациялык үй- интернаты MegaCom компаниясына ыраазычылык билдирет.

Талас областындагы Покровка мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык үй- интернаты MegaCom компаниясына ыраазычылык билдирет.

Өлкөнүн алдыңкы байланыш оператору MegaCom жигердүү корпоративдик социалдык жоопкерчилик саясатын жүргүзүүдө. MegaCom балдар үйлөрүнө туруктуу негизде материалдык жардам көрсөтүүнү да көз жаздымында калтырган жок. Покровкадагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык үй- интернатынын директору С.Өзүбекованын атынан "Альфа Телеком" (товардык белги MegaCom) ЖАКтын дарегине келип түшкөн ыраазычылык кат буга айгине мисал боло алат.

"Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборунун администрациясы жана эмгек жамааты Сиздерге балдарды коргоонун Эл аралык күнүндө биздин интернатыбызга көрсөткөн демөөрчүлүк көмөгүңүздөр үчүн ыраазычылыгын билдирет. «Альфа Телеком» ЖАКы биздин реабилитациялык борборубузду ар тараптан колдоп, муктаждыктарыбызды жана көйгөйлөрүбүздү чечүүдө ар дайым жардам көрсөтөт», - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетели, Покровкадагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык үй- интернаты, компания тарабынан туруктуу негизде жардам көрсөтүлүп туруучу балдар мекемелеринин катарына кирет.

«Альфа Телеком» ЖАКтын демөөрчүлүк жана кайрымдуулук ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча кеңешинин соңку жыйынында, компаниянын топ-менеджменти тарабынан, тарбиялануучулардын коопсуздугун сактоо максатында, жогоруда аталган реабилитациялык үй- интернатын өрткө каршы каражаттар менен камсыздоо чечими кабыл алынган.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Спорт порталы»

    кызматы

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы