Перейти на новый сайт

MegaCom роуминги эми Палестинада

MegaCom роуминги эми Палестинада

Кыргызстандын алдыңкы уюлдук оператору өз абоненттерине Палестинанын Palestine Cellular Communications операторунун тармагында роумингдин ишке киргизилгендиги тууралуу маалымдайт.

MegaCom компаниясы, өз абоненттери үчүн, роуминг каптаган аймакты кеңейтүүнүн үстүндө үзгүлтүксүз иш алып барууда. Мунун мисалы, MegaCom компаниясынын эл аралык роуминг кызматынын дүйнө жүзүнүн ири мамлекеттеринин аймагында жеткиликтүүлүгү.

Сизге зарыл болгон учурда, баарлашууңузга чек койбостон, роуминг боюнча чет өлкөлүк оператор өнөктөштөрдүн мобилдик байланыштарынан өз номериңиз менен пайдаланыңыз. Бул мүмкүнчүлүккө ээ кылган «Роуминг» кызматын өзүңүз үчүн ачыңыз. Абоненттин аппараты MegaCom компаниясынын өнөктөшүнүн тармагына катталгандан кийин, баардык зарыл болгон иш-аракеттер автоматтык түрдө жана абонент үчүн билинбестен ишке ашат. Саякатка же кызматтык иш сапарына жөнөп жатып, компаниянын абоненттери дүйнө жүзүнүн булуң-бурчтарында жайгашкан өлкөлөрүндө туруп да, жакындары менен байланыша алышат.

MegaCom компаниясынын ыңгайлуу роуминги сиздин үнөмдөлгөн каражаттарыңызды жакындарыңызга белек алуу үчүн жумшоого шарт түзөт. Кызматтардын тарифтери, роуминг боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн жана операторлордун тизмеси менен MegaCom абоненттеринин сатуу жана тейлөө Борборлорунан жана кардарларды колдоо Кызматынын адистеринен *500 же 0555 500000 телефондору боюнча алсаңыздар болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon