Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы шахмат боюнча Борбордук Азия Кубогуна демөөрчү

MegaCom компаниясы шахмат боюнча Борбордук Азия Кубогуна демөөрчү

MegaCom компаниясы, көгүлтүр Ысык-Көл жээгинин Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан «Аврора» эс алуу жайында 11-июндан 21-июнга чейин өтүүчү шахмат боюнча мелдешке башкы демөөрчү болот. Борбордук Азия мамлекеттеринде спорттун аталган түрүн өнүктүрүү максатын көздөгөн, мындай деңгээлдеги беттешүү Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Кыргызстандагы шахмат федерациясынын (КШФ) вице-президенти Нурдин Самаковдун айтуусу боюнча, Кыргызстанга кеңири масштабдагы мелдеш эстафетасы, өткөн жылы, өз жергесинде, шахмат боюнча Борбордук Азия Кубогун өткөргөн Өзбекистан тарабынан берилген. Анда акыл-эс таймашынын жеңүүчүсү болуп өзбекстандык шахматчы Рустам Касымжанов аныкталган.

Шахмат боюнча өткөрүлүүчү экинчи Борбордук Азия Кубогунда Орто Азия мамлекеттеринин жана Афганистандын шахматчылары катышат. Таймашта мекенибиздин намысын Эмиль Сапар жана Асыл Абдыжапар сыяктуу эл аралык мелдештердин бир нече жолку жеңүүчүлөрүнөн, шахмат спортунун чыгаан устаттарынан турган Кыргызстандын Курама командасы коргойт. Таймаштын жеңүүчүсү швед системасы боюнча тогуз турдун жыйынтыгы менен аныкталат. Мелдеште, биринчилик үчүн, Кыргызстандын шахматчылары жана Казакстан, Таджикистан, Түркмөнистан, Өзбекистан жана Афганистандан келген өкүлдөр күч сынашат. Борбордук Азия Кубогун - «Хрустал Ферзди» жалпы командалык эсепте биринчи орун ээлеген мамлекет алып, жеңишке ээ болот.

« MegaCom компаниясы өсүп келе жаткан муунга татыктуу билим-тарбия берүүгө жана аларды интеллектуалдык жактан өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Статистика боюнча, шахматчынын IQ көрсөткүчүнүн орточо деңгээли башкалардыкына караганда 20-30 пунктка жогору . Шахматчылар – ыңгайсыз жагдайларга туш болгон учурлар сейрек кездешет. Шахмат аркылуу кайраттуу мүнөз калыптанат. Ар бир шахматчы – өзгөчө сапаттардын ээси болгон Инсан. MegaCom компаниясында корпоративдик социалдык жоопкерчилик дайыма көңүл борборунда. Билим берүү чөйрөсүнө кошуп жаткан үлүшү, татыктуу инсандарды калыптандыруу боюнча жасаган алгылыктуу иштери, компаниянын, өз мекендештеринин келечегине кайдыгер карабагандыгынан кабарлайт. Мамлекеттин жана анын калкынын эң баалуу кенчи- бул адам ресурстары эмеспи, ал эми өсүп келе жаткан жаш муундун өз дараметин ачып берүүсүнө өбөлгө түзүү - өлкөбүздүн эң ири уюлдук операторунун негизги максаты» деп белгилейт Башкы директордун милдетин аткаруучу Азамат Урбаев.

MegaCom компаниясынын спорттук девизи: спорт, сергек жашоо жана келечектеги чемпиондор үчүн!
 

Сунушталган кызматтар

  • Нумеролог

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы