Перейти на новый сайт

MegaCom Европанын Евро-2012 футбол боюнча чемпионатынан түз алып көрсөтүүгө расмий өнөктөш

MegaCom Европанын Евро-2012 футбол боюнча чемпионатынан түз алып көрсөтүүгө расмий өнөктөш

8-июнда Польшада жана Украинада футбол боюнча Европа чемпионаты башталды. Бул болсо, ар бир футбол күйөрманынын жашоосундагы өзгөчө маанилүү окуя, аны чагылдыруу менен, MegaCom уюлдук оператору кыргызстандык футбол сүйүүчүлөрүнө беттешүүлөрдү реалдуу убакыт режиминде көрүү бактысын тартуулайт. Евро 2012 футбол оюндарынын жүрүшүнөн түз алып көрсөтүү боюнча башкы демөөрчү болуу менен, MegaCom компаниясы Кыргызстандын футбол фанаттарына сүйүктүү оюнун “Биринчи коомдук каналдан” жана “НТС” телеканалынан көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла алды.

Футбол боюнча өткөрүлүп жаткан чемпионат Европа өлкөлөрүнүн арасындагы УЕФА эгидасы алдында төрт жылда бир өткөрүлүүчү 14-футболдук беттеш болмокчу. Футболдук матч Варшавада башталып, финалдык таймаш 2012-жылдын 1-июлунда Киев шаарында аяктамакчы. Европа улуттук футбол биринчиликтеринин тарыхындагы эки өлкө ээлик кылган үчүнчү турнир болмокчу. Бул жолу чемпиондук титул үчүн — Польша, Греция, Россия, Чехия, Голландия, Дания, Германия, Португалия, Испания, Италия, Ирландия, Хорватия, Украина, Швеция, Франция жана Англия командалары ат салышып, жалпысынан 16 өлкө катышат.

Футбол боюнча Европа чемпионаты ар бир өлкө үчүн маанилүү окуялардын бири болуп саналат, ошондуктан эл аралык деңгээлдеги спорттук таймашты чагылдыруу, өлкөнүн алдыңкы уюлдук операторунун көз жаздымында калган жок. Футбол оюндарынын башталышын чыдамсыздык менен күткөн күйөрмандарга жана футбол сүйүүчүлөрүнө, жалпы эле кыргызстандыктарга бирдей болгон шарттардын түзүлүшү алардын көктөн издегенин жерден таап бергендей эле болду көрүнөт. Эгерде бишкектик футбол күйөрмандары сүйүктүү оюнун кумарланып көрүүгө атайын ылайыкталган жерлерден көрө алышса, аймактардагы жашоочулар дүйнөлүк масштабдагы спорттук мелдешти республикалык телеканалдар аркылуу көрүүгө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

MegaCom компаниясынын спорттун бул түрүнө болгон мамилеси өзгөчө десек жаңылышпайбыз. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн, 2011-жылы компаниянын корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында ишке киргизилген “Mega футбол” спорттук долбоорун мисал келтирсек болот. Долбоордун максаты өсүп келе жаткан жаш муунга футбол оюну үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Компаниянын пландарында өлкөнүн аймактарында мини-футбол аянтчаларын куруу болуп, эң алгачкы мини-футболдук талаа Ысык-Көл областынын Каракол шаарында ачылды. Компаниянын спорттук девизи: спорт үчүн, сергек жашоо үчүн, келечектеги чемпиондор үчүн!”, - деп белгиледи MegaCom компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азамат Урбаев.

Маалымат: Футбол боюнча Европа чемпионатынан түз алып баруу КТР жана НТС телеканалдарында 22:00дө башталат. Мелдешке тандалуу раундунан өткөн 16 команда катышат, ал эми 2016-жылдан баштап командалардын саны 24кө чейин жетет.
 

Сунушталган кызматтар

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы

  • MegaTV

    кызматы