MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер! Байланыш сапатын жогорулатуу максатында техникалык жабдууларды жакшыртуу жумуштарын жүргүзүүгө байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 7- июнда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
Чүй областы боюнча: «Искра», «Ак-Бекет», «Ивановка», «Кең-Булуң», «Виноградное», «Васильевка», «Жал», «Раздольное», айылдары, Токмок ш. Трясин көчөсү жана Бишкек ш. Нижняя Ала-Арча жана Волгоградная көчөлөрү камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы