Перейти на новый сайт

MegaCom суу ташкынынан жабыркаган мекендештерине жардам көрсөттү.

MegaCom суу ташкынынан жабыркаган мекендештерине жардам көрсөттү.

MegaCom уюлдук оператору Баткен областынын Кулунду, Интернационал, Раззаков жана Булак-Башы айылдарынын жашоочуларына жардам көрсөттү. Эскерте кетсек, 2012-жылдын 25-апрелинде, аталган айылдарды каптаган суу ташкынынын кесепетинен 52 үй жараксыз абалда болуп, 76 турак жай капиталдык ремонтту, 248 объект калыбына келтирүүнү талап кылган абалга жеткен эле.

Жаратылыш кырсыгынын кесепетин жоюу максатында, MegaCom компаниясы корпоративдик социалдык жоопкерчилик чегинде, турак-жайсыз калган жашоочуларды электр энергиясы менен камсыздоо боюнча 5 генератор сатып алуу, мындан тышкары, кырсык болгон аймактагы имараттарды калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон цемент менен камсыздоо демилгесин колго алды. MegaCom компаниясынын Башкы директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Кадырбеков Арстанбек Адылбекович оор кырсыкты башынан кечирген мекендештерине барып жолугуп, алардын турмуш-тиричилигин кадимки нукка салуу үчүн зарыл болгон каражаттарды тапшырды.
Эске салчу жагдай, 2011-жылы улуттук уюлдук оператор Баткен областынын Лейлек районунда болгон суу ташкынынан жабыркаган жашоочуларга жардам көрсөткөн. 2011-жылдын 12-июнунда болуп өткөн жаратылыш кырсыгынын кесепетинен 149 курулуш жараксыз абалга келип, анын ичинде мектептер жана мечиттер бар болчу. MegaCom компаниясы мекендештерине жардам катары 4 КАМАЗга жүктөлгөн эки миллиондон ашык суммадагы суу май, ун, кумшекер, чай, туз, макарон азыктарын жөнөткөн эле.
Жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү демилгесин колго алуу менен, MegaCom башка ири ишканаларды да кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүүгө чакырат.
 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Настроение»

    icon
  • Услуга

    Постоплатный Интернет-роуминг

  • Услуга

    «Видеовызов»

  • Услуга

    «SMS–консультант»