Перейти на новый сайт
MegaCom балдарга майрамдык маанай тартуулайт

MegaCom балдарга майрамдык маанай тартуулайт

Өлкөбүздүн алдыңкы уюлдук оператору, баардык кыргызстандыктарды, балдарды коргоонун Эл аралык күнү менен куттуктайт.
Бүгүн, 1-июнда, MegaCom компаниясынын сатуу жана абоненттерди тейлөө Борборлорунун кардарларына даярдаган жагымдуу белектери:түрдүү магнитчелери, шоколад момпосуйлары жана оюнчуктары кичинекей балдар- кыздарыбыздын жүзүндөгү жагымдуу жылмаюуну жаратып, ал эми Сиздерге ажайып маанай тартуулайт.

Жардамга муктаж жаш жеткинчектерди канатына калкалап, алардын келечеги үчүн кам көрүү MegaCom уюлдук операторунун негизги милдеттеринен болуп саналат. Бүгүнкү күндө республика боюнча 7 балдар үйү компаниянын камкордугунда.

Корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин чегинде компания тарабынан төмөнкү балдар мекемелерине: Чүй областындагы «Нурмээайса» балдарды убактылуу кармоо Борборуна балдар аянтчасын жабдуу; Ош областындагы «Алтын Уя» үй-бүлөлүк балдар үйүнө кийим-кече, идиш-аяк, курулуш материалдарын алуу; Сүлүктүдөгү акыл-эси өнүкпөй калган балдардын мектеп-интернатына 8 кир жуугуч машина; Ысык-Көлдөгү «Хадича» балдар үйүнө сыналгы; Нарын областындагы «Ай - Байрак» реабилитациялык борборуна велотренажёр жана ар түстөгү кооз оюнчуктары менен кургак бассейн; Талас областынын Покровка реабилитациялык мектеп-интернатына өрткө каршы шаймандарды алуу үчүн каражаттар бөлүнгөн.

Мындан тышкары, алдыңкы уюлдук оператор камкордукка алган балдар үйлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү менен гана чектелбестен, балдардын социалдык көндүмдөргө ээ болушуна, коомдогу өз ордун табуусуна дагы өзгөчө көңүл бурат. Мунун айкын далили катары “Балдар –биздин келечегибиз” долбоорунун чегинде, келечек муун үчүн, өткөрүлүп жаткан тренингдерди жана мастер-класстарды баса белгилөөгө болот. Алар өз ичине чаптап жасоо, бисер тизүү, актердук чеберчилик, фитопечать жана спорттун кээ бир түрлөрү боюнча өткөрүлгөн сабактарды камтыйт.

MegaCom компаниясы жаш жеткинчектерге кубаныч тартуулап, алардын баардык башталыштарын колдоо менен, келечекте татыктуу инсан болуп калыптанышына өз салымын кошот.
 

Сунушталган кызматтар

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • «Кара тизме»

    кызматы

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • «ЗОЖ»

    кызматы