Перейти на новый сайт
Ош областынын Куршаб айылында кезектеги MegaCom express-борбору ачылды

Ош областынын Куршаб айылында кезектеги MegaCom express-борбору ачылды

Бүгүн, 31- май күнү, Кыргызстандын алдыңкы уюлдук оператору Ош областынын Өзгөн районунун Куршаб айылында кезектеги MegaCom express-борборун ачты. Жаңы борбордун ачылышына байланышкан иш-чара компания өкүлдөрүнүн жана компаниянын расмий дилерлеринин катышуусу менен өттү. MegaCom express-борборуна кайрылуу менен, абоненттер компаниянын дасыккан мыкты адистери тарабынан өздөрүн кызыктырган маалыматтарды ала алышат. MegaCom express-борбору кеңеш берүү, балансты комиссиясыз толтуруу, сим-карталарды калыбына келтирүүдөн баштап “Роуминг” кызматын кошууга чейинки кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрүн көрсөтөт. Аталып өткөн жана башка тейлөө кызматтарынан пайдалануу үчүн абоненттер төмөнкү дарекке кайрылса болот: Куршаб а., Айты-Камчыбеков көч., 132, Ынсап кичи базарына жакын жайгашкан.

Иш убактысы: Дүйшөмбүдөн- ишембиге чейинки жуманын күндөрү,саат 9:00 дөн 18:00гө чейин. Майрам күндөрү 9:00 дөн 13:00гө чейин Дем алыш күн -Жекшемби.

Бүгүнкү күндө, MegaCom дистрибьютердик тармагы расмий түрдөгү
19 сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорун, 11 express-борборун жана 7000ден ашуун соода түйүнүн өз ичине камтыйт. Уюлдук компания, 2012-жылдын акырына чейин, брендделген express-борборлордун санын 45ке чейин жеткирүүнү пландаштырууда, бул болсо, компаниянын, өз абоненттерин тейлөөдөгү, сапаттуу жана ыңгайлуу кызмат көрсөтүү аракетинин бирден-бир далили.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг»

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы

  • «Ассистент»

    кызматы