Перейти на новый сайт
Кыргызстандык жаш спортчу Азиянын таэквондо боюнча 20-Чемпионатынан жеңиш менен кайтты

 


Кыргызстандык жаш спортчу Азиянын таэквондо боюнча 20-Чемпионатынан жеңиш менен кайтты

MegaCom компаниясы, Вьетнамдагы Хошимин шаарында өткөн Азиянын 20-Чемпионатында катышуу үчүн, WTF таэквондо боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери Касмамбетов Элдиярга демөөрчүлүк жардам көрсөттү.


 

Касмамбетов Элдияр өзүнүн талыкпас эмгекчилдигинин аркасында таэквондо боюнча көптөгөн ийгиликтерге жеткен. Бүгүнкү күндө ал WTF таэквондо боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, кара курдун ээси II дан, WTF таэквондо боюнча Дүйнөлүк фестивалынын эки жолку чемпиону наамынын жана Түштүк Кореядагы Ачык чемпионатынын үч жолку коло медалынын ээси болуп келет. Бул жаш чебердин алган сыйлыктарынын тизмесинин чети гана.

“Кыргыз Республикасынын таэквондо боюнча ассоциациясы, Кыргыз спортунун өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткандыгы жана спортчуга көрсөтүлгөн демөөрчүлүк үчүн терең ыраазычылык билдирет”, - деп билдирди, КРдин таэквондо Ассоциациясынын президенти.

 

Сунушталган кызматтар

  • Нумеролог

    кызматы

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • «Үн почтасы»

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы