Перейти на новый сайт

MegaCom 3G тармагынын каптоо аймагын кеңейтүүдө

MegaCom 3G тармагынын каптоо аймагын кеңейтүүдө

MegaCom уюлдук оператору үн жана видео чалуулардын сапатын жакшыртууга, GPRS жана 3G трафиктеринин, SMS, MMS алмашуулардын ылдамдыктарын жогорулатууга багытталган, Бишкек шаарындагы базалык станцияларды, модернизациялоо иштеринин аягына чыккандыгын билдирет. Бул жабдуу (3G) үчүнчү муун байланышын колдоо мүмкүнчүлүгүн гана камсыз кылбастан, төртүнчү муун\ LTE байланышын киргизүүнүн негизи боло алат.

MegaCom алдыга коюлган пландарынын негизинде 3G тармагы каптаган аймактардын санын көбөйтүүнү улантууда. Үчүнчү муун байланышы Чүй аймагынын: Мраморное, Октябрьское, Озерное, Жаңы-Пахта, Нижневосточное, Гроздь, Молдовановка жана Кант ш. да жеткиликтүү болуп калгандыгы буга айгине. Мындан мурда уюлдук оператор Чоң-Арык, Орто-Сай, жана дагы Төмөнкү Ала-Арча, Көк-Жар, Беш-Күңгөй, Таш-Дөбө, Селекционное, Военно-Антоновка, Новопавловка, Пригородное, Лебединовка, Ленинское, Константиновка, Аламүдүн, Жал, Күнтуу, Кызыл-Туу, Ак-Жол, Манас, Восток айылдарында 3G технологиясынан колдонуу мүмкүнчүлүгү пайда болгондугун айтып келген . Эми жогоруда саналып өткөн айылдардагы MegaCom абоненттери, ылдамдыгы секундасына 14,4 Мбитке чейинки ылдамдыктагы интернеттен пайдаланып, видео жана үн чалууларын аткара алышат. Видео трафиктин наркы тарифтик пландагы үн трафигинин наркына барабар, ал эми GPRS жана 3G интернет-трафиктин наркын баардык тарифтик пландарда компания 1 Мб 1,95 сомго чейин арзандатты. Интернет-топтомду кошууда 1 мегабайт баасы 23 тыйынды түзөт.

Андан тышкары, 2011 –жылы, MegaCom компаниясы, тармактын сыйымдуулугун жана байланыш менен камсыздоону жакшыртуу максатында, өлкө ичинде 100дөн ашуун базалык станцияны ишке киргизди. Бул иш-аракеттер өз кезегинде, мурда байланыш менен камсыз болбогон Жайыл районунун Кызыл-Ой, Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак , Жалал-Абад областынын Чаткал районунун Бозымчак өзөнү жайгашкан аймагын уюлдук байланыш менен камсыздоону шарттады.

Компания уюлдук байланыш болбогон аймактарды камтуу максатында, базалык станцияларды курууну пландоону алдыңкы максаттарынын бири катары эсептейт. Чүй областын үчүнчү муун байланышы менен каптоо аяктагандан кийин, кийинки кезекте Ысык-Көл аймагы болмокчу. Жаңы телекоммуникациялык жабдуунун (ZTE) артыкчылыгы- 3G тармагына баардык базалык станциялардын бир эле учурда жалпы өтүүсү, б.а. мобилдик байланыштын жаңы технологиялар дүйнөсүнө жана учу-кыйырсыз интернет мейкиндигине сүңгүп кирүү.

MegaCom – жаңы мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү!

Сунушталган кызматтар

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • «Интернет роуминг»

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • «Үн почтасы»

    кызматы