Перейти на новый сайт

MegaCom ардагерлерге Жеңиш күнү үчүн таазим кылат.

MegaCom ардагерлерге Жеңиш күнү үчүн таазим кылат.

MegaCom компаниясы, 7-май күнү, Жеңиш Күнүнүн урматына, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктагы эмгекчилер, Ленинград блокадасынын катышуучулары үчүн, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында аскердик эрдикти даңазалаган концерт уюштурду. Улуу муун өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын эл артисттеринин аткаруусундагы музыкалык чыгармалар тартууланды. Сыйлуу конок катары чакырылган ар бир ардагерге 2000 сом өлчөмүндөгү бир жолку жөлөкпул жана гүлдесте майрамдык белек катары берилди. Компаниянын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азамат Урбаев : ”Сиздердин Ата Мекениңиздер үчүн жан аябастан көрсөткөн эрдигиңиздерге таазим кылабыз. Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр каалайбыз. Сиздер басып өткөн жол- келечек муун үчүн үлгү” деген сөздөр менен өз ыраазылыгын билдирди.

Бүгүн, компания жетекчилиги Бишкек шаарынын эң кары төрт ардагерин майрамы менен куттуктап, аларга майрамдык маанай тартуулашты. Кадырлуу карыялар үчүн компания тарабынан таттуу белек- торт, гүлдестелер, уюлдук аппараттар, «Тунук» тарифтик планы менен sim-карталар жана 1300 акысыз мүнөткө сертификат белекке берилди.

Майрамдык таттуу даамдардан ооз тийгизүү учурунда, Башкы директордун милдетин аткаруучу Азамат Урбаев ардагерлерге чың ден соолук, узак өмүр каалоо менен :

“9 май ар бирибиз үчүн эң маанилүү майрам.
Бүгүнкү эсте калаарлык күндө ,Сиздерге дагы бир ирет ыраазычылык билдирип, сиздердин каармандыгыңыздарга, эч нерсеге алмашкыс патриоттук сезимдериңиздерге дагы бир жолу таазим этебиз! Бул жеңиштин чыныгы баасын сиздер гана билесиздер, Бул күн тарыхтын кызыл сызык менен өтүп турган жөн гана бир барагы эмес, миллиондогон калктын көптөн күткөн күнү болгон жана Советтер Союзунун ар бир жашоочусуна кубаныч алып келген. Тарыхта калган бул эрдик - жаштарды улуу духта тарбиялоонун сабагы катары кала берери талашсыз, себеби келечек муунга тынчтыкта жашоо мүмкүнчүлүгүн сиздер камсыз кылдыңыздар”
, – деп белгиледи Азамат Урбаев. Өз кезегинде кылымга тете өмүр сүргөн – ардагерлер дагы көрсөтүлүп жаткан камкордугу үчүн компанияга ыраазычылыгын билдирүү менен, мындан аркы ийгиликтерди , өнүгүп-өсүүнү каалай кетишти.

MegaCom компаниясы аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын эрдигин унутпайт жана алардын басып өткөн жолуна таазим кылат. 2011-жылдан баштап уюлдук оператор колдоого алынуучу ардагерлердин, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын, ооруктагы эмгекчилердин, концлагерлер туткундарынын, Ленинград блокадасынын катышуучуларынын санын 250дөн 1000ге чейин көбөйттү. Корпоративдик социалдык жоопкерчилик алкагында, компания аларга квартал сайын кайрымдуулук жардамын көрсөтүп келет. 9- майга карата компания колдоого алынган ар бир ардагерге 2000 сомдон берүүнү пландоодо.

Согуш ардагерлерине колдоо үчүн берилүүчү жардамдын өлчөмүн көбөйтүү үчүн, Компаниянын ар бир абоненти, мезгил өткөн сайын катары кемип жаткан кыргызстандык согуш ардагерлерин колдоо максатында, өзүнүн мобилдик телефонунан 1945 кыска номерине SMS-билдирүү жөнөтүп, өз эсебинен 20 сом алардын эсебине которо алат. “Жеңиш” кайрымдуулук акциясына кошулуңуз!
 

Сунушталган кызматтар

  • «Ассистент»

    кызматы

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы

  • Автомаалымдоо

    кызматы