Перейти на новый сайт

MegaCom Кыргызстандын байланыш тармагынын адистерин кесиптик майрамы менен куттуктайт

MegaCom Кыргызстандын байланыш тармагынын адистерин кесиптик майрамы менен куттуктайт

Өлкөнүн алдыңкы байланыш оператору , БУУга караштуу Эл аралык байланыш союзунун мүчөсү, MegaCom, кесиптештерин, жыл сайын, 7-майда белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын Байланыш кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт.

1895-жылы 7-майда орус физиги Александр Попов радиобайланыштын алгачкы сеансын өткөрүп жана дүйнө жүзүнө биринчи радиокабылдагычты тааныткан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын байланыш Министрлигине караштуу ишканалар жамааттарынын сунушун кабыл алып, телекоммуникация, почта байланышы, телерадиоберүү тармактары республиканын экономикасын өнүктүрүүнүн негизги факторлору экендигин эске алуу менен 1995-жылдын 17-апрелинде бул күндү расмий түрдө майрам катары белгилөө боюнча № 135-Токтомун кабыл алган.

Телекоммуникацияны өнүктүрүү боюнча өкмөттүн жетишкендиктери аталмасында, 196 өлкөнүн ичинен Кыргызстандын алдыга озуп чыккан 4 өлкөнүн тизмесине киргендиги бекеринен эмес жана сыймыктанаарлык окуя. Жыл сайын тапшырылуучу Global Mobile Awards эл аралык сыйлыгы мыкты мобилдик операторлорго жана мобилдик техниканын өндүрүүчүлөргө ыйгарылат.

Кыргыз Республикасы 3G, LTE жана WiMax тармактарын ишке киргизүүдөгү жетишкендиктери жана байланыш тармагын жайылтуунун 100 пайыздык деңгээли үчүн бул сыйлыкка татыктуу болду. MegaCom компаниясы байланыш тармагынын баардык адистерин куттуктайт: байланыш операторлор Ассоциациясын, Мамлекеттик байланыш агенттигин, «Кыргызтелеком» БАКты, РРТБ – Республикалык Радиотелеборборунун, КТРК –Коомдук телерадиоберүү Корпорациясынын жана башка байланыш тармактарынын адистерин кесиптик майрамы менен куттуктайт.

Сиздерге чың ден соолук, ийгиликтерди, өсүп-өнүгүүнү жана үзгүлтүксүз, сапаттуу байланышты каалайбыз!

Сунушталган кызматтар

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • Нумеролог

    кызматы

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • «4 тил»

    кызматы