Перейти на новый сайт

MegaComдо «Ийгилик маалы» башталды

MegaComдо «Ийгилик маалы» башталды

MegaCom компаниясы «Ийгилик маалы» долбоору ишке киргизилди. Долбоор SIM-карталарды, алдын-ала төлөм карталарын саткан жана WEB-кассалар аркылуу төлөмдөрдү кабыл алган дилерлер үчүн багытталган. Мыкты натыйжаларды көрсөтө алган дилерлер, уюлдук компания тарабынан кызыктыруучу белектерди алышмакчы.

Дилерлердин мыктыларын баалуу белектер жана 8-июндан 1-июлга чейин Украинада өтүүчү футбол боюнча Европа Чемпионатына жолдомолор күтүп турат. Мындан тышкары, өзгөчөлөнгөн дилерлер USB-модемдерге жана MegaCom компаниясынын сертификаттарына ээ болушат. «Ийгилик маалы» акциясына катышуу үчүн, дилер алдын-ала “АльфаТелеком” ЖАКтын коммерциялык кеңсесине же компаниянын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуусу шарт.

Уюлдук оператор мобилдик байланыштын сапаттуу кызматтарын тейлөөнүн жогорку сервисин көрсөтүү менен гана чектелбестен, өлкө боюнча өкүлчүлүктөрүн ачып, аларды өнүктүрүүгө дагы басым жасайт. Бүгүнкү күндө дистрибьютордук тармак өз ичине 18 ири сатуу жана тейлөө борборун,7000ден ашуун сатуу пункттарын жана дагы үстүбүздөгү жылдын аягына чейин санын 45ке жеткирүү каралып жаткан 9 MegaCom express –борборун камтыйт. MegaCom көп түрдүү кызматтарды, туруктуу байланышты, тарифтөөнүн тунук жана ыңгайлуу жолдорун сунуштайт.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы