Перейти на новый сайт
MegaComдон “Жеңиш!” кайрымдуулук акциясы

MegaComдон “Жеңиш!” кайрымдуулук акциясы

MegaCom уюлдук оператору, ири бизнестин корпоративдик социалдык жоопкерчилик алкагында, Улуу Ата-мекендик согуштун ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине колдоо көрсөтүүнү улантууда. Ата-мекенди коргоочуларды колдоо үчүн компания “Жеңиш!” кайрымдуулук акциясын ишке киргизди. Компаниянын ар бир абоненти мезгил өткөн сайын катары кемип жаткан кыргызстандык согуш ардагерлерин колдоо максатында өзүнүн мобилдик телефонунан 1945 кыска номерине SMS-билдирүү жөнөтүп, өз эсебинен 20 сом алардын эсебине чегере алат. Кайдыгерлик менен четте калбастан, кайрымдуулук акциясына кошулуңуз!

MegaCom компаниясы аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын эрдигин унутпайт жана алардын басып өткөн жолуна таазим кылат. 2011-жылдан баштап уюлдук оператор колдоого алынуучу ардагерлердин, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын, тылдагы эмгекчилердин, концлагерлер туткундарынын, Ленинград блокадасынын катышуучуларынын санын 250дөн 1000ге чейин көбөйттү. 9- майга карата компания ар бир колдоого алынган ардагерге 2000 сомдон берүүнү пландоодо.

Мындан тышкары, MegaCom уюлдук оператору баардык бишкектиктер үчүн 9-майга арналган жагымдуу музыкалык белек даярдады. Уюштурулуп жаткан салтанаттын сыйлуу меймандары-Жеңүүчүлөр болмокчу.

Жеңиш Күнүнүн урматына, 7- майда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында аскердик эрдикти даңазалаган концерт өтөт.
 

Сунушталган кызматтар

  • 4G LTE

    кызматы

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • «Экинчи дем»

    кызматы