Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы “Тилек багы” акциясын уюштурду

MegaCom компаниясы “Тилек багы” акциясын уюштурду

MegaCom компаниясы 22- апрелде белгиленген Жер күнүнө арналган “Тилек багы” кайрымдуулук акциясын уюштуруп, Эне-баланы коргоо Улуттук борборунун аймагын (“Джал” кичи районундагы оорукана) жашылдандыруу боюнча иш-чараны өткөрдү. Мындай мүнөздөгү алгылыктуу иштер компаниянын баардык аймактык бөлүмдөрүндө да колго алынып, муниципалдык бөлүмдөргө тиешелүү чөлкөмдөрдү тазалоо ишембиликтери өткөрүлдү.

Акция, жылына 100 миңдин айланасындагы Кыргызстандын жарандарын, дарылап жана текшерүүдөн өткөрүп жаткан медициналык мекеменин бакчасын, тазалоого жана жакшыртууга багытталган. Бул дарылоо мекемесине кайрылган бейтаптардын басымдуу бөлүгү жаш жеткинчектер. Алдыңкы уюлдук оператор корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында 98 шуу дарагын, 33 терек, 15 туя дарагын, 98 ак чечек, 15 сирень жана 1 мажүрүм тал отургузуу менен ландшафттык дизайнды жаратты. Ал эми кичинекей бейтаптардын тез айыгуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Компаниянын соңку пландарында оорукананын аймагында балдар аянтчасын уюштуруу планы каралган.

Иш-чара, компания тарабынан колдоого алынган Чүй областынын “Нурмээайса” балдарды убактылуу кароо Борборунун тарбиялануучуларынын катышуусу менен өтүп, ишембиликтин соңунда жаш жеткинчектер бак-дарактарга ленталарды байлап, өздөрүнүн купуя каалоо-тилектерин айтып жатышты.

“Тилек багы” “Нурмээайса” борборунун тарбиялануучуларына өзгөчө майрамдык маанай тартуулады. Андан соң “Жомок” балдар кафесинде 40 жаш жеткинчек үчүн түшкү тамак уюштурулуп, оюндар ойнолуп жана спорттук инвентарлар түрүндөгү сыйлыктар берилди. “Бул акцияны өткөрүү менен компания бир нече иш чаранын башын бириктирди – оорукананын аймагын жашылдандыруу, өкмөттүн жарлыгы менен өткөрүлүп жаткан “Биз ушул жерде жашайбыз” жалпы республикалык ишембилигине өз кызматкерлерин тартуу, компания колдоого алган, көңүл бурууга жана колдоого муктаж болгон балдар үйүнүн тарбиялануучуларына өзгөчө майрамдык маанай тартуулоо”, - деп белгиледи MegaCom компаниясынын корпоративдик коммуникациялар бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытова.

Уюлдук оператор ар бир дубандан бирден, баардыгы болуп жети балдар үйүн колдоого алган. Ири бизнестин корпоративдик социалдык жоопкерчилик алкагында, компания, квартал сайын ата-эне камкордугусуз калган жетимдерге, жарым-жартылай жетимдерге, майып балдарга жардам көрсөтөт.
 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Автоплатеж»

  • Услуга

    Сервисные и экстренные службы

  • Услуга

    «Запрет звонков и SMS»

  • Услуга

    «Интернет роуминг»