Перейти на новый сайт
MegaComдон «Толкун» жаңы тарифтик планы

MegaComдон «Толкун» жаңы тарифтик планы

Бүгүн, 20-мартта, MegaCom уюлдук оператору «Толкун» жаңы тарифтик планын ишке киргизди. Тарифтик планда Кыргызстандын баардык уюлдук операторлорунун номерлерине чалуунун 1 мүнөтү жана 1 SMSтин наркы 0,95 сомду гана түзөт.

Ыңгайлуу тариф менен баарлашуу үчүн балансты бир жолку толуктоону 100 сомдон жогору суммада жүргүзүү жетиштүү. Бул учурда, 10 күн ичиндеги баарлашуунун алгачкы 60 мүнөтү жеңилдетилген тарифтөө менен эсептелинет. Башка учурда баарлашуунун 1 мүнөтү түйүндөн тышкары 2,95 сомду, “КыргызТелеком” ААКтын номерлерине 4,95 сомду түзөт. Түйүн ичиндеги чалуунун жана бир SMSтин баасы 0,95 сомдон туруктуу түрдө эсептелинет.

«Толкун» тарифтик планына өтүү 303*26*1# чалуу буйругунун негизинде аткарылат (90 сом). “Базалык” тарифтен жаңы тарифтик планга өтүү 40 сомго чейин төмөндөтүлөт.

MegaComдун “Толкун” ыңгайлуу тарифтик планы мүнөттөр тууралуу ойлонбостон, ырахаттануу менен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзөт. Жаңы тарифтин ыңгайлуу баалары менен пайдаланууну каалагандар шашылуусу зарыл, тарифтик планга кошулуу ушул жазда гана күчүндө! “Толкун” тарифтик планы тууралуу толук маалыматты *095 номери боюнча билүүгө болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • MEGOGO

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы

  • Сервистик жана шашылыш кызматтар

    кызматы