Перейти на новый сайт

«Mega Билим» долбоору Ысык-Көл областында эки компьютердик класс ачты

«Mega Билим» долбоору Ысык-Көл областында эки компьютердик класс ачты

Бүгүн Ысык-Көл областынын Барскоон жана Бөкөнбаев айылдарында MegaCom компаниясынын жеке билим берүүчүлүк «Mega Билим» долбоорунун алкагында эки компьютердик класс ачылды. Өзүнүн ичине брендделген жети ак компьютерди, эмеректерди, USB – модемдерди камтыган заманбап класс –комплектилер мектеп окуучуларына тамгаларды ыкчам терүү, Microsoft Office Word, Excel ж.б. программалар менен иштөө ыкмаларын үйрөтүүгө багытталган.

”АльфаТелеком” ЖАКтын Башкы директорунун Биринчи орун басары Кылычбек Тентимишев келечек муундун кубанычын тең бөлүшүп, жалаң 5ке гана окууну каалоо менен, «Балдар-өлкөбүздүн келечеги, Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салым – бул окуучулардын маданий жактан калыптануусунун жана билим алуусунун сапатын жогорулатууга түзүлгөн шарт, алар Мекенинин гүлдөп-өсүүсү үчүн кызмат өтөй турган күндөр алыс эмес ” -деп белгилей кетти.

Мектеп окуучулары да , өз кезегинде, конокторго өз күчтөрү менен даярдалган концертти тартуулашты жана эң мыкты деген бааларга окуй тургандыгын убада кылышты! «Mega Билим» класстарынын ачылышына байланышкан салтанаттуу иш-чарага жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдарынын мүчөлөрү, мугалимдер жамааты, мектеп окуучулары жана ата-энелер катышты.

MegaCom уюлдук оператору, ири бизнестин коом алдындагы корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин чегинде, 2011-жылдын сентябрынан баштап билим берүүчүлүк долбоорун ишке киргизип жана ийгиликтүү жүргүзүп келе жатат. Аталган долбоордун негизинде республиканын алыскы айылдарында 147 заманбап компьютердик класстын ачылышы пландаштырылууда.

 

Сунушталган кызматтар

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы

  • «Спорт порталы»

    кызматы

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • eSIM

    кызматы