Перейти на новый сайт

MegaComдон Nokia телефонун ыңгайлуу баада сатып алып, 300 мүнөт белекке алыңыз!

MegaComдон Nokia телефонун ыңгайлуу баада сатып алып, 300 мүнөт белекке алыңыз!

MegaComдон Nokia 1280 уюлдук телефону – ишенимдүүлүктү, жыйнактуулукту жана сапаттуу продукцияны баалоочулардын телефону! Телефонду сатып алууда MegaCom компаниясы 300 акысыз мүнөт түрүндөгү бонусту тартуулайт. Телефонду MegaCom компаниясынын абоненттерди тейлөө жана сатыктар борборунан сатып алууга болот.

Nokia 1280 телефонунун stand by режиминде 528 саат бою сакталууга жөндөмдүү болгон ишенимдүү аккумулятор батареясынын жардамы менен сүйлөшүүнүн максималдуу убактысы 8,5 саатты түзөт. Жөнөкөй жана колдонууга ыңгайлуу болгон телефон негизги жана резервдеги аппараттын ордуна да колдонулат. Телефондун интерфейси менюсунда орус тили, англис тили , башка тилдер гана эмес кыргыз тилин тандоо мүмкүнчүлүгү болгондугу менен жагымдуу таң калдырат.

Телефон кара-ак (монохромдуу) дисплей, чаңга туруштук берүүчү баскыч, стереоүн орнотулган FM-радиосу менен. Телефондун техникалык мүнөздөмөсү боюнча толук маалымат бул жерде. Телефон наркы – 1190 сом + телефон аппаратын сатып алууда бонус – түйүн ичиндеги 300 акысыз мүнөт, 100 күн бою күнүгө 3 мүнөттөн.

Аппараттын комплектисине төмөнкүлөр кирет:

  • Nokia 1280 уюлдук телефону;
  • кепилдик талонду колдонуу боюнча нускама;
  • аккумулятор (батарейка);
  • заряддоочу түзмөк;
  • ”Телефонго 300 мүнөт” топтому.

MegaCom компаниясы телефон аппаратын сатып алган абоненттерге Nokia расмий сервистик –борборунда мөөнөтү 1 жыл болгон кепилдик тейлөөнү сунуш кылат. Сервистик борбордун дареги: Бишкек ш., Логвиненко көч. 24/1, байланыш номерлери: 0312 908836, 0312 908835.
 

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • «IP Байланыш»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг»

    кызматы