Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы каражаттарын үнөмдөө максатында жаңы имаратка көчтү.

MegaCom компаниясы каражаттарын үнөмдөө максатында жаңы имаратка көчтү.

Чыгымдарды оптималдаштыруу максатында уюлдук компаниянын топ-менеджменти тарабынан «Кыргызтелеком» ААКка тиешелүү болгон АТС-29 имаратына көчүү чечими кабыл алынган. Анын негизинде 2011-жылдын октябрында “Альфа телеком” ЖАКтын ( соода белгиси MegaCom) кызматкерлер түзүмүнүн негизги бөлүгү Сүйүнбаев көчөсү №29 дарегинде жайгашкан жаңы кеңсеге көчүрүлгөн.

Буга чейин компания кызматкерлери Бишкек шаары боюнча 5 кеңседе жайгашып, бул болсо, кызматкерлер, өнөктөштөр, контрагенттер үчүн көптөгөн ыңгайсыздыктарды алып келген. 2012-жылдын I- кварталында, компания, кызматкерлер түзүмүн жана жабдууларын бир жерге топтоону пландаштырууда.

Ресурстарын бир жерге жайгаштыруунун негизинде, компаниянын ижарага алынган бир нече имараттарда жайгашкан кеңселерине, техникалык борбордун башкы жана коммерциялык кеңселерден алыс жайгашкандыгына байланышкан негизги административдик чыгымдары кыскарып жана ыңгайлуу шарт түзүлөт. “Альфа Телеком” ЖАКы оңдоо-жасалгалоо жумуштарынын чегинде, “Новострой Сервис” МЧК менен келишим түзгөн эмес жана лифт сатып алуу үчүн акча каражаттарын төлөгөн эмес.

Көчүүнүн натыйжасында кеңселерди ижарага алуу боюнча чыгымдар сезилерлик кыскарат: эгерде мурда Бишкек ш. боюнча 5 кеңсе ижарага алынса, II кварталда ижарага сарпталган чыгымдар толугу менен кыскарат. Демек, кеңселерди кайтарууга кеткен чыгымдар да кыскарат. Ижарага алынып жүргөн беш кеңседен жаңы имаратка көчүү компаниянын ижарага кеткен чыгымдарын жылына 1 млн. 165 миң АКШ доллар өлчөмүндө кыскартат.
 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Роуминг»

  • Услуга

    «Легкий шаг в MEGA»

  • Услуга

    Сервис «Ментальная помощь»

  • Услуга

    MegaCom Wi-Fi (КГТУ)