Перейти на новый сайт
MegaCom үчүнчү муундагы уюлдук байланыш түйүнүн ишке киргизди

MegaCom үчүнчү муундагы уюлдук байланыш түйүнүн ишке киргизди

16-январь, 2012-жылы Бишкек шаары боюнча MegaCom компаниясынын 3G стандартындагы уюлдук байланышы расмий түрдө ишке кирди. Жакынкы келечекте 3G байланышы менен Чүй облусун камсыздоо күтүлүүдө, андан соң Кыргызстандын бардык аймактарын 3G байланышы түйүнү менен камсыздоо аракети көрүлмөкчү. Эми улуттук уюлдук оператордун кардарлары ыңгайлуу баадагы интернет менен колдоно алышат. Интернеттин ылдамдыгы 30 эсеге жогорулатылып, 1 Мб трафиктин баасы 3 эсеге арзандатылган.

3-муундагы мобилдик технологиясы жогорку ылдамдыктагы интернет менен кошо көлөмдүү маалыматтарды жөнөтүүнү шарттап, видео чалуу, уюлдук телефондон тасмаларды, музыкалык клиптерди жана телеберүүлөрдү көрүү өңдүү бир катар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. 

MegaComдун 3G мобилдик интернетинин жардамы менен, онлайн мейкиндигинде  сүйүктүү веб-сайттарды тез барактап, дүйнөлүк тармак ичиндеги маалымат ресурстары менен ыкчам пайдаланууга болот.
 
3G түйүнүнүн расмий ишке киришине карата MegaCom өз кардарларына төмөнкүдөй атайын  сунуштарды тартуулоодо:

  • баардык тарифтик пландарда 3G жана GPRS интернеттин 1 мегабайтынын наркы 1,95 сом же андан да арзаныраак;
  • «Интернет топтомдору» - топтомду сатып алууда интернет трафиктин баасы ыңгайлуу болот - 2 гигабайтка чейин интернет трафиги берилет, жана 1 мегабайттын наркы 23 тыйынды түзөт;
  • «Ыкчам интернет» тарифтик планы – атайын USB-модемдер жана планшеттер үчүн. Интернет трафигинин тарифи  – күндүз 1 Мб үчүн 1,5 сом жана түнкүсүн 0,75 сом;

Бул сунуштар абоненттердин 3G интернет менен таанышуусу өтө ыңгайлуу жана нарк жагынан жеткиликтүү болуусу үчүн түзүлгөн!

Аталган саамалык телекоммуникация базарындагы уюлдук операторлор арасында интернет менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, MegaComдун өзгөчөлүгүн баса көрсөтөт.  Эми MegaComдун USB-модеми менен буга чейин кабелдик провайдерлер гана камсыз кылып келген тез жүктөлгөн интернет менен колдонуу толук мүмкүн.

«MegaCom  3G — жаңы мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү»

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «4G USB модем MegaCom»

  • Услуга

    Викторина «Собери машину»

  • Услуга

    «Постоплатный Интернет-роуминг»

  • Услуга

    SmartBook