Перейти на новый сайт

MegaCom “Mega клуб” акциясына катышууга чакырат

MegaCom “Mega клуб” акциясына катышууга чакырат  

MegaCom компаниясы атайын өз дилерлери үчүн «Mega клуб» деген аталыштагы жаңы акция уюштурууда. Акцияга катышкан дилерлер уюлдук оператордун белгилеген шарттарына жооп берип жана ал үчүн  белек ала алышат. Шарттары «Mega клуб» атайын журналында жарыяланат.

«Мындай акциялар дүйнө жүзүндөгү башка компаниялар тарабынан кеңири колдонулууда, бирок  жергиликтүү уюлдук операторлордун тажрыйбасында болгон  эмес. Акциянын негизги максаты абоненттерге жакын болуу.  Акция  1 - ноябрдан  тартып кыш айларынын аягына дейре уланат. Акцияга катышкан соода түйүндөрүнүн сатуучулары  MegaCom  компаниясынын абоненттерине биздин продукцияларыбызды сунуштап гана тим болбостон, жемиштүү иши  үчүн баалуу белектерди да  ала алышат”,-дейт MegaCom компаниясынын сатуу иштери боюнча директору Нурлан Даминов.

Акциянын жыйынтыгы боюнча  катышуучулар баалуу белектер менен сыйлануу үчүн  “Дилерлердин жыйынына” чакырылат. Баш байге-экзотикалык өлкөлөргө  жолдомо!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Интернет роуминг»

  • Услуга

    eSIM

  • Услуга

    «Ищу тебя»

  • Услуга

    «Запрет переадресации вызовов»